Жер тилкеси бөлүндү: Жумгалда ипотекалык үйлөр курулат

Аймак Жүктөлүүдө... 23 Июль 2026 13:30
WhatsApp Image 2026-01-16 at 14.51.59.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Жумгалда ипотекалык үйлөрдү куруу үчүн жер тилкеси бөлунүп берилди. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иштер өлкө башчысы Садыр Жапаровдун Нарын облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө берилген тапшырманын негизинде жүргүзүлүүдө.

Бүгүн президенттин өкүлү Нурбек Сатаров Жумгал районуна барып, ипотекалык турак жай куруу пландалып жаткан аймак менен таанышты.

"Долбоордун алкагында Жумгал районунун борбору Чаек айылынан жалпы аянты 1 гектар 80 сотых жер тилкеси бөлүндү", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, аталган иштер облус аймагында калкты жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо багытында жүргүзүлүп жаткан долбоорлордун алкагында ишке ашырылууда.