Бишкек, 23.04.25. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги минералдык жер семирткичтерди нормадан ашыкча колдонуу азык-түлүк коопсуздугуна жана экологияга коркунуч жаратарын эскертти.
Министрликтин маалыматына ылайык, семирткичтердин өлчөмү, түрү жана колдонуу мөөнөтү агрономиялык талаптарга ылайык аныкталышы керек. Бул үчүн атайын лабораториялык анализдер жүргүзүлүшү сунушталууда.
Бул багыттагы изилдөөлөрдү өткөрүү үчүн Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистештирилген контролдук-токсикологиялык лабораторияларына кайрылууга болот.
Эскерте кетсек, минералдык жер семирткичтерди нормадан ашыкча колдонуу айыл чарба продукцияларында нитрат, нитрит сыяктуу заттардын топтолушуна алып келип, экологиялык жана азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн.
Ошондой эле жаз жана жай айларында өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоо боюнча иштерди өз убагында жүргүзүү абдан маанилүү. Антпесе, түшүмдүн көлөмү да, сапатына да олуттуу таасир берет.
Өсүмдүктөрдү коргоо боюнча негизги чаралар:
- зыянкечтерге каршы — инсектициддерди колдонуу;
- илдеттерге каршы — фунгициддерди колдонуу;
- отоо чөптөргө каршы — гербициддерди колдонуу.
Химиялык дарылоолорду жүргүзүүдөн мурда сөзсүз адис менен кеңешүү зарыл. Ар бир аймактагы кырдаал, зыянкечтердин таралуу деңгээли жана өсүмдүктүн абалы ар кандай болушу мүмкүн. Мындан сырткары, дарылоодо жеке коргонуу каражаттарын — респиратор, көз айнек, кол кап жана жабык кийимдерди колдонуу талап кылынат.
Зарыл болгон учурда, жергиликтүү адистерге кайрылып, зыянкечтердин же оорулардын түрүн так аныктап, туура препараттарды тандоо боюнча кеңеш алыңыз.