Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. Ноокат районунда 500 миң тонна минералдык жер семирткич чыгара турган завод курулууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Ош облусундагы жумушчу иш сапарынын алкагында аталган заводдун курулушу менен таанышты.
Заводдун курулушу эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этапта жылдык кубаттуулугу 200 миӊ тонна болгон гуминдик органоминералдык жер семирткичтерди жана экинчи этабында 300 миӊ тонна гуминдик карбамид өндүрүүчү заводду куруу жүзөгө ашырылат.
Завод ишке кирсе Кыргызстандын айыл чарба өндүрүүчүлөрү өз убагында жеткиликтүү жана жетиштүү көлөмдө минералдык жер семирткичтер менен камсыз болмокчу.
Белгилей кетсек, Айыл чарба министрлиги менен Хэбэйлик “Бай Доу Цзя” компаниясынын ортосунда түзүлгөн инвестициялык келишимге ылайык, Ноокат районунда 100 гектар аянтты ээлеген кыргыз-кытай демонстрациялык агропаркын куруу пландаштырылган.
Парктын курамына минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу завод, асыл тукум заводу, айыл чарба техникаларын чыгаруучу ишкана, айыл чарбасын колдоо боюнча каржы борбору, жабдууларды жана техникаларды чогултуу пункту кирет.
Парк курулуп бүтсө, 2000ден ашуун жергиликтүү тургун жумуш менен камсыз болуп, натыйжада ички дүң продукция, айыл чарба экспорту жана салыктык түшүүлөр көбөйөт. Долбоор толугу менен Кытайдын Хэбэйлик "Бай Доу Цзя" компаниясы тарабынан каржыланат.
Инвестициялык каржылоо 260 млн долларын түзөт. Бирок, министр Бакыт Төрөбаевдин түздөн-түз сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында, инвестициянын көлөмүн 260 млн доллардан 410 млн долларга чейин көбөйтүү боюнча келишимге кол коюлган.