Бишкек, 20.11.25. /Кабар/. Бишкекте жер амнистиясынын алкагында иштер үзгүлтүксүз улантылууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен биргеликте жер амнистиясына туш келген объектилер боюнча комиссиянын ишин жүргүзүүдө.
Ага ылайык, Ленин районунда 205 материал жактырылды, 131 материалды коомдук билдирүүгө чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынды.
Мындан тышкары, 264 материал тиешелүү корутунду берүү үчүн Бишкек шаар куруу жана архитектура боюнча башкы башкармалыгына жөнөтүлдү. Жарандардын жазган арыздарынын негизинде 175 материалды кароодон баш тартуу чечими кабыл алынган.
Комиссия тарабынан жалпы 775 жарандын арызы боюнча чечимдер кабыл алынды.