Ысык-Көлдө электрик ток уруп каза болгон. Милиция иш козгобой жатканы айтылды

Коом Загрузка... 04 Декабрь 2025 12:24
WhatsApp Image 2025-12-04 at 07.33.25.jpeg
copyright icon Акыйкатчы институту

Бишкек, 04.12.25. /Кабар/. Акыйкатчы инстититутуна Ысык-Көлдүн Темир айылынын М.Н. аттуу 20 жаштагы тургуну Ысык-Көл РИИБдин тергөөчүсүнүн иш-аракеттерине наарызычылыгын билдирип, укуктук жардам сурап кайрылган. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, келиндин 24 жаштагы жолдошу “Улуттук электр тармагынын” Ысык-Көл облусундагы филиалында иштегенине 8 ай болгон. Май айында ал ток уруп каза тапкан. Маркумдун жубайы кырсыкка тиешеси бар күнөөлүүлөр жазасын албай жатат деп нааразы болууда.

“Кырсык болгон 2025-жылдын 20-май күнү жолдошума дем алыш болчу. Бирок, ошол күнү башка кызматкердин ордуна чыгып берүүнү суранып, чакырышкан. Ысык-Көл РЭТнин Григорьевка аймагында иштеген кесиптештери менен кошо катуу шамалдан улам жабыркаган электр линияларын калыбына келтирүү үчүн Семеновка айылына барышкан. Оңдоо иштери аяктап калганда жолдошумду ток урган. Эс алуу борборунун күзөтчүсү адистердин уруксатысыз электр жарыгын жандырып жиберген. Жолдошум окуя болгон жерден жан берген”, - дейт арыз ээси.

Июль айында соттук-медициналык экспертизанын кортундусу чыгып, анда А.С. электр тогунан катуу сокку алгандыктан жүрөгү токтоп калганы жазылган. Каза болгон жарандын артында жубайы жана бир жашка чыга элек кызы калды.

Маалым болгондой, “Улуттук электр тармагы” ишканасы кенемте төлөп, маркумдун кызына бойго жеткенге чейин бериле турган жөлөк пул чегерген.

Каза болгон жарандын жакындары эс алуу борборун да жоопкерчиликке тартууну талап кылып келет.

“Менин кызым 20 жашында жесир болуп, ата-энеси эң кенже уулунан айрылып, неберем атасыз калды. Биз акыйкаттык издейбиз, күнөөлүүлөр жазасын алсын”, - дейт арыз ээсинин апасы.

Арыз ээсинин айтымында, Ысык-Көл РИИБдин тергөөчүсү эч кандай чара көрбөй, тергөөнүн жүрүшү туурасында кабарлаган эмес. Тергөөчү 27-июлда эле кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарып, бирок маркумдун үй-бүлөсүнө бул тууралуу билдирбей койгон.

"Акыйкатчы институту Ысык-Көл ОИИБне арыз ээсинин дооматтарын толук жана ар тараптуу текшерүүнү, ошондой эле кызмат адамдарына карата кызматтык иликтөөнү жүргүзүүнү сунуштап кат жолдоду.

Ал арада Ысык-Көл райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечимди негизсиз деп таап, аны жокко чыгарды жана материалдарды кошумча текшерүүгө жөнөткөнү айтылды. Учурда тергөө уланууда",-деп айтылат маалыматта.