Бир аптада мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштырууга дээрлик 79 миң арыз түштү

Коом Загрузка... 23 Январь 2026 18:11
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордо пландан тышкары текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көрсөтүлүп жаткан кызматтардын уюштурулушу, ошондой эле коопсуздук талаптары каралды.

Туманбаев эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдө жарандардын 20–30 жыл мурдагы сүрөттөрү колдонулуп жатканын белгилеп, мындай документтер жаранды так аныктоону кыйындатарын айтты. Ошондой эле эски айдоочулук күбөлүктөрдүн коргоо элементтери жетишсиз болуп, аларды жасалмалоо оңой экени, бул болсо коопсуздукка түз коркунуч жаратарын билдирди.

Мындан тышкары, эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр чет мамлекеттерде мыйзамдуу документ катары таанылбай турганы, мындан улам мамлекетте так тартип болушу керектиги, ал эми документтер заманбап талаптарга жооп бериши зарыл экенин билдирди.

Ушул максатта Каныбек Туманбаев айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жана транспортту каттоо багытында санариптештирүүнү өнүктүрүү, санарип кызматтарды кеңейтүү жана маалыматтарды толук жаңылоо боюнча тапшырмаларды берди.

Маалымдалгандай, мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 15-январдан 21-январга чейин жалпысынан 78 959 арыз катталды:

  • онлайн форматта — 46 миң 431 арыз,
  • офлайн форматта — 32 миң 528 арыз.

Бул көрсөткүч жарандардын документти алмаштыруу маселеге олуттуу көңүл буруп жатканын жана кызматка болгон суроо-талап жогору экенин айгинелейт.