Жер мафиясы: УКМК Кара-Суудагы чиновниктердин кылмышын ашкереледи

Укук тартиби 1364 31 Март 2026 12:40
WhatsApp Image 2026-03-31 at 10.19.19.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-31 at 10.19.18.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-31 at 10.19.18 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-31 at 10.19.18 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-31 at 10.19.18 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-31 at 10.19.17.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-31 at 10.19.17 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-31 at 10.19.17 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-31 at 10.19.16.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-31 at 10.19.16 (1).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon УКМК

Бишкек, 31.03.26. /Кабар/. УКМК Кара-Суудагы чиновниктердин кылмышын ашкереледи.

УКМКдан белгилешкендей, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Манас (мурдагы Нариман) айыл өкмөтүнүн жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлеринен турган кылмыштуу топтун иши токтотулду.

Алар жер тилкелерин мыйзамсыз менчикке өткөрүү, трансформациялоо жана сатуу менен алектенип келишкен.

2011-жылы аткаминерлер Ош шаарына жакын жайгашкан 0,77 гектар айыл чарба жерин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп беришкен.

2024-жылы айыл өкмөт башчысы бул жердин категориясын "калктуу конуш" деп жасалма өзгөртүп, баасын бир нече эсе кымбаттаткан.

Кийин бул жер тилкеси көп кабаттуу үй куруу үчүн үчүнчү жактарга сатылып кеткен.

Учурда коррупция боюнча төмөнкү кызматкерлерге айып тагылып, тергөө жүрүүдө:

  • Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Ш.З., А.Ж., Ч.Д., М.Э атуу кызматкери.
  • Манас айыл өкмөтүнүн Р.А. жана Х.Н. аттуу 2 кызматкери.