Бишкек, 18.05.26 /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Женевада баштапкы медициналык-санитардык жардам, жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана саламаттык сактоо системаларынын туруктуу өнүгүүсү маселелерине арналган тематикалык талкууларга катышты.
Ведомстводон маалымдашкандай, талкуулар Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында өттү.
Осмонов баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири экенин белгиледи. Өзгөчө көңүл жугуштуу эмес оорулардын алдын алууга жана аларды эрте аныктоого, үй-бүлөлүк медицинаны өнүктүрүүгө жана баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде медициналык жардам көрсөтүү системасын чыңдоого бурулуп жатканын айтты.
"Жүргүзүлүп жаткан чаралардын жана тармактар аралык кызматташуунун аркасында Кыргызстан жугуштуу эмес оорулардан улам мезгилсиз өлүм көрсөткүчүн азайтуу боюнча оң натыйжаларга жетише алды", - деди министр.
Ошондой эле өлкөнүн саламаттык сактоо системасынын алдын алуу багытын күчөтүү, медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана калк арасында сергек жашоо образын жайылтуу боюнча ыкмалары сунушталды.
Сессиянын алкагында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна мүчө мамлекеттер глобалдык саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде баштапкы медициналык-санитардык жардамды чыңдоо, жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөшүү, саламаттык сактоону санариптештирүү жана улуттук саламаттык сактоо системаларынын туруктуулугун камсыз кылуу маселелерин талкуулашууда.