Женевада Кыргызстандын инновациялык потенциалы тааныштырылды

Билим Загрузка... 08 Июль 2026 15:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Илим министрлиги

Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Женева шаарында илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун (ИМБДУ) мүчө мамлекеттеринин Ассамблеяларынын 68-сериядагы жыйынында Кыргызстандын атынан билдирүү жасады.

Ведомствонун маалыматына караганда, Исаматова БУУга мүчө мамлекеттерге Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коосуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышын колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал жыйында илим, жогорку билим берүү жана интеллектуалдык менчик тармактарын бириктирген жаңы министрликтин түзүлүшү билимге негизделген экономиканы өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.

"2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасынын алкагында инновациялар жана технологияларды коммерциялаштыруу өлкө экономикасынын негизги инструменти катары аныкталды", - деди ал.

Ошондой эле патенттик аналитика, санариптик трансформация жана жогорку окуу жайларында интеллектуалдык менчикти башкаруу системасын өнүктүрүү багытында эл аралык уюм менен өнөктөштүктү чыңдоо маселеси ортого салынды.

Сөзүнүн соңунда министр ИМБДУнун башкы директору Дарен Тангды кайрадан шайланышы менен куттуктап, Кыргызстан көп тараптуу өнөктөштүккө дайыма даяр экенин ырастады.