Жеке ооруканаларда дарылануу жеткиликтүү болобу? ММК фондунун жаңы демилгеси

Ден соолук Загрузка... 18 Май 2026 10:45
2023-02-24_10-50-07_203742.730x0.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 18.05.26. /Кабар/. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жеке медициналык уюмдарды Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында стационардык медициналык жардам көрсөтүү чөйрөсүндө кызматташууга чакырат.

Фонддун маалыматы боюнча, бул демилге мамлекет менен жеке медициналык сектордун ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана бүткүл өлкө боюнча калк үчүн стационардык жардамдын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.

"Жеке стационарларды тартуу бейтаптарга медициналык уюмдарды тандоого мүмкүнчүлүк берет, медициналык жардам алууну тездетет жана мамлекеттик ооруканалардын жүгүн азайтат", - деп айтылат маалыматта.

Фонд менен келишим түзгөн бардык медициналык уюмдар бирдиктүү сапат стандарттары жана клиникалык протоколдор боюнча иштешет. Каржылоо иш жүзүндө көрсөтүлгөн медициналык кызматтар үчүн акы төлөө принциби боюнча жүргүзүлөт.

Белгиленгендей, медициналык, бухгалтердик жана башка отчеттуулук белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлөт.