Жеке мектептер жана бала бакчалар: Имаратты кайра пландаштыруу үчүн кандай документтер керек?

Коом Загрузка... 02 Октябрь 2025 11:15
main_about_2.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. Курулуш жана архитектура министрлиги имараттарды жеке менчик мектептер же бала бакчалар катары пайдалануу алдында кандай талаптар коюларын эскертти.

Министрликтин маалыматына ылайык, имаратты билим берүү же мектепке чейинки мекеме катары пайдаланууга чейин тиешелүү райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына кайрылуу зарыл. Бул санитардык жана курулуш нормаларын так сактоо максатында талап кылынат.

Эрежелерге ылайык, мындай объекттерде балдардын коопсуздугу жана ыңгайлуулугу үчүн өзүнчө класстар, кабинеттер, оюн жана эс алуу аймактары болушу шарт.

Министрлик мындай объекттерге өзгөчө көзөмөл жүргүзүлөрүн белгилеп, бул окуучулар менен тарбиялануучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында жасаларын белгиледи.

Имаратты мектеп же бала бакча катары кайра пландаштыруу же кайра багыттоо үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

  • имараттын техникалык паспорту;
  • жер участогунун мамлекеттик актысы же менчик укугу жөнүндө күбөлүк;
  • сатып алуу-сатуу келишими;
  • объекттин ээлигинин паспорту (жеке же юридикалык);
  • лицензиясы бар уюм тарабынан иштелип чыккан кайра багыттоо боюнча эскиздик долбоор;
  • газ, суу жана электр энергиясына болгон жүктөмдөрдүн эсептери;
  • менчик укугун аныктаган жана тастыктаган документтер.

Курулуш министрлиги бул талаптарды так сактоо жеке мектептер менен бала бакчалардын коопсуз иштеши үчүн милдеттүү шарт экенин баса белгиледи.