Жеңишбек Токторбаев: Президенттин сын-пикирин туура кабыл алдым

Коом Загрузка... 25 Сентябрь 2025 12:21
copyright icon WWW

Бишкек, 25.09.25. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев президент Садыр Жапаровдун сөгүшү тууралуу суроого жооп берди.

Мэр өлкө башчысынын сынын туура кабыл алганын айтты.

"Урматтуу президентибиз Садыр Жапаровдун сын-пикирин кабыл алдым. Эми иштеш керек болот, иштеп атам", - деди ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров этика ченемдерин аткарбагандыгы түрүндөгү жүктөлгөн эмгек милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге катуу сөгүш берген.