Жазуучу Омор Сооронов акыркы сапарга узатылды

Маданият 22 Январь 2026 14:15
616184813_1187241346900953_5783814262880639985_n.jpg
617692838_1187240950234326_7892135226454565863_n.jpg
616799389_1187241416900946_8430784478330733478_n.jpg
616823468_1187241420234279_8830401507991452328_n.jpg
618834445_1187241313567623_2457950341227895538_n.jpg
617221208_1187240893567665_2543265276027527788_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. Бүгүн борбор калаада Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү акын, адабиятчы жана сынчы Омор Соороновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, узатуу зыйнатына маркумдун жакындары, туугандары, илим жана маданият ишмерлери, ошондой эле маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков катышты.

Коштошуу сөзүн сүйлөгөндөр Омор Соороновдун кыргыз адабият таануу илимине кошкон баа жеткис салымын белгилешти. Ал өзгөчө унутта калган акын-жазуучулардын жана тарыхчылардын кол жазмаларын изилдеп, аларды араб жана латын ариптеринен азыркы кыргыз тамгасына көчүрүп, калыбына келтирүүдө зор эмгек жумшаган.

Омор Соороновдун көп жылдык илимий жана чыгармачылык иши мамлекет тарабынан жогору бааланган:

  • 2017-жылы III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган;
  • Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты;
  • Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер;
  • Эл агартуунун мыктысы.