Сапары карыбаган поезд же психологизмдин туу чокусу
Беш жылга чукулдап барат... Кыргыз адабияты менен маданиятына опол тоодой салым кошкон жазуучу, драматург жана киносценарист Мар Байжиев арабыздан узаганына...
2021-жылдын 29-октябрь күнү капилет жерден дартка чалдыккан жазуучу элине эбегейсиз зор эмгектерди калтырып кетти.
Ал эми бүгүн 23-март – жазуучунун жарыкка келген күнү!
Жазуучу дал ушул күнү теги көлдүк окумуштуу жана адабиятчы Ташым Байжиев Жалал-Абад шаарында иштеп жүргөн кезинде жарыкка келген.
Кийин кайра ордо калаага кайтып келишкен Байжиевдер шаарда интеллигенция чөйрөсүнүн чок ортосунда болду. Мар кичинесинен Жусуп Турусбеков, Мукай Элебаев, Алыкул Осмонов, Жоомарт Бөкөнбаев жана окумуштуу, адабиятчы Зияш Бектенов өңдүү адамдардын атасы менен ынак экенине күбө болуп, алардын бир нече жолку отуруштарына аралашып, айткан сөздөрүн көкүрөгүнө бек түйүп өстү. Анан ал ортодо Батышта согуш оту тутанып, атасы Ташым мекенди коргогону кетип, бул жакта үй ичинде балдардын улуусу катары Мар өзүнөн кийинки бөбөктөрүн карап, апасына дем-күч берди. Согуштун азаптуу жылдарын баштан кечиришти. Бул жакта турмуш оорлоп, ачарчылык менен оору-сыркоо күч алганда көл тарапка жөнөп, бир-эки жылдай ал жакта да окуп калды.
Балалыктын оор жылдарын жазуучу өзү да “Жайсаң-эне жана өлүмдөн сактаган Андрей”, “Бир тоголок самын”, “Менин токочум” өңдүү бир катар аңгемелеринде чеберчилик менен сүрөттөп өткөн. Айрыкча, согуштун кесепети адамдардын акыл-эсине өчпөс так калтырыптыр, ошол мезгилдин бардык калемгерлери өңдүү кийин баралына келип жетилгенде согуш тематикасын ал апааттуу учурдун ооруктагы турмушка кандай азаптарды алып келгенин чыгармалары аркылуу сүрөттөштү.
* * *
Анын чыгармачылыгы кыргыз адабиятын жаңы багытка буруп, адамдын ички дүйнөсүн, психологиясын жана коомдогу ордун терең талдап бергендиги менен бийик. Кыргыз адабияты менен искусствосунун тарыхында Мар Байжиевдин ысымы ар дайым сыймык менен аталат. Байжиевдин чыгармалары – бул адам абийири, сүйүүсү жана тагдыры тууралуу жазылган терең философиялык баян.
Сталин көзү өткөн соң Никита Сергеевич Хрущёвдун доорунда коомду мурдагыдай темир чеңгел башкарышпай ээн-эркин ой жүгүртүүгө аз болсо да мүмкүнчүлүк берилип, адабиятта, музыкада, кинематографияда, сүрөттө, маданияттын бардык тармагында жаңыча ойду айткан жазмакерлер, маданий ишмерлер пайда болду. Алар жаңыча көз караш менен ажайып бир топ чыгармаларды жаратышты. Мына дал ошол өткөн кылымдын элүүнчү жана алтымышынчы жылдарында адабиятка келишкен орустун бир топ көрүнүктүү акындары жана сүрөтчүлөрү менен кошо кыргыз адабиятында ааламга аты угулган Айтматов таптакыр башкача, жаңы ой, жаңы идеяларды чыгармаларында айтып атканда жашы жыйырмадан өтүп калган, университеттин орус филологиясы факультетинен билим алып жаткан Мар Байжиев үй ичиндеги атасынан калган мурасы, бир топ чет элдик адабияттар менен орус адабиятынын өкүлдөрүн окуп чоңоюп, анан эми студент катары китепканаларга байма-бай каттап дүйнө таанымын кеңейтти. Орус тилинин өзгөчөлүгүн изилдеп, эски славян тилин үйрөнүп тарыхый маалыматтарды өзүнүн жан дүйнөсүнө түнөттү. Адабияттын жүгүн эрте жашынан түшүнгөн болочоктогу жазуучу студенттик куракта, деги эле бала күнүнөн тартып сөздүн күчүн аңдап, сөз дүйнөсүнө сыйынды.
Изденди... Кыргыз адабиятына жаңыдан келип, абройго ээ боло баштаган Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына зор баасын берип, өзү курдуу калемдештери Төлөгөн Касымбеков, Мурза Гапаров жана Кеңеш Жусупов менен бирдикте адабият астанасын аттай киришти.
Алгач чакан аңгемелерди, сатираларды, интермедияларды жазып, гезит-журналдарга жарыялады. Бара-бара олуттуу темаларды козгогон, турмуштун ак-карасын тааныткан көңүлдөн түнөк тапкан “Тогузунчу Май күнү”, “Чапай курман болгондо”, “Ууру катын”, “Бир кемпир” өңдүү аңгемелери менен адабиятты аздектешкен окурман журтунун назарына илинди. Байжиев – ушул аттары аталган аңгемелеринен эле адабиятыбызда мурдатан калыптанып калган түшүнүктөрдөн оолактап, адам дүйнөсүндөгү ички карама-каршылыктарга терең көңүл бура алган.
Байжиевдин каармандары идеалдаштырылбайт...
Анын каармандары өзүнүн кемчиликтери менен кошо адам!
Адам – пенде болгон соң жаңылат-жазат...
Мар Байжиевдин каармандары – коркуу сезими чулгап, пенделикке барса абийир соту алдында өзүнүн айыбын сезе билген, ошол эле тушта асыл ойлорго ээ болгон кадимки тирүү каармандар!
* * *
Бала чагынан театр короосуна жакын жашаган Мар ошол согуш жылдарында коюлган бир катар спектаклдерге күбө болуп, театр деген сыйкырдуу ааламга баш багууга, баш багып эле тим болбой, кийин ошол өнөр секисинде бир укмуштай драмаларды жазып, анан алар зал ичи жык-жыйма толушкан көрүүчүлөрдүн көңүлүн жаркытып, бирде ыйлатып, бирде күлдүргөн, жашоо кумары эмнеде, өмүр менен өлүм маселеси тууралуу толгоно турчу чыгармаларды жаратсам деп кыялданды. Орус филологиясы боюнча адистикке ээ болгон Мар Байжиев Москва калаасына жөнөп, режиссура жана сценарий боюнча атайын билим алып чыкты. Мына ушунусу менен ал театр дүйнөсүнө өзүнүн көрөңгөсүндө катылуу жаткан идеяларды бир нече айлар, бир нече жылдар бою түнөткөн жаны, көркөм фантазиясынын учкулдугунан улам, ойлордон ойго түрткөн, адамды ажайып дүйнөгө жетелеген драмаларды жазып, алар кыргыз театр сахнасынан зор кубаныч менен коюла баштады.
* * *
Мар Байжиевдин драматургиясы – адабиятта, кыргыз драматургиясында баа жеткис!
Мен азыр драматургдун “Балдар бойго жеткенде”, “Алтынчы күнү кечинде”, “Кыз-күйөө” же “Байыркы жомок” жана башка чыгармаларына токтолуп отурбастан, анын өзүнө гана аброй алып келбестен, улуттук адабиятыбыздын зоболосун көтөргөн “Эрөөл” жана “Узак сапардагы поездине” учкай гана токтолоюн.
“Эрөөл” – кыргыз театрында гана эмес, бүтүндөй союздук сахналарды багындырып, алыскы материктерге жетти. Ааламды алты аралаган бул чыгарма оболу ордо калаабыздагы орус драма театрында 1968-жылы коюлуп, алкышка ээ болгон. Бул чыгарма адам баласын терең ойго түртүп, жашоодо жаңылбай туура жолду кантип таап кетүү керек, ак-караны ажыратып, ички дүйнөгө үңүлүүгө себепкер кылат. Ушунусу менен чыгарма баалуу да, барктуу да! Драма кыргыз адабиятынын зоболосун көтөрүп, ал эми автор далай алкыштарга бөлөндү.
“Эрөөл” – психологиялык драманын туу чокусу!
Чыгарманын түзүлүшү жана сюжетине келгенде, аталышы айтып тургандай, окуя төрт башкы каармандын айланасында өнүгүп, алар: Азиз, Нази, Искендер жана алардын тагдырына кыйыр таасир эткен төртүнчү адам – жапжаш кыз. Окуя деңиз жээгинде өтүп, каармандардын ички дүйнөсү, өтмүшү жана келечекке болгон көз караштары кагылышат.
Мар Байжиевдин «Эрөөл» («Дуэль») драмасы жөн гана сахналык чыгарма эмес, бул адамдын абийири менен ички дүйнөсүнүн бетме-бет келиши. Жогоруда айтылган «Төрт адам» деген ат менен да белгилүү болгон бул драма 1960-жылдардагы кыргыз адабиятындагы «психологиялык төңкөрүш» катары жогору бааланган.
Мар Байжиев ушул чыгармасында адамдарды “жакшы” же “жаман” деп бөлүп отурбайт. Ал ар бир каармандын өз чындыгын жана трагедиясын ачканга далалат жасайт.
Азиз – чечкиндүү, ийгиликтерге жеткен, бирок ички дүйнөсү жалаң боштукка толгон каарман. Ал жашоого прагматикалык көз караш менен карайт, ал эми Нази – назик, сүйүүгө жана ишенимге муктаж аял. Ал эки оттун ортосунда калып, өз бактысын издөөгө далбас урат. Искендер болсо сезимтал, бирок турмуштун катаал сыноолоруна туруштук берүүдө алсыздыгын көрсөткөн образ. Бул жерде курал менен эмес, сөз жана принциптер менен салгылашуу жүрөт. Абийир жана жоопкерчилик...
Каармандардын ар бири өзүнүн бир кезде кылган иштери үчүн жооп берүүгө аргасыз. Сүйүү бул жерде бакыт эле эмес, ошол эле учурда чоң жоопкерчилик жана сыноо катары баяндалат. Автор адамдын өзүн-өзү алдоодон баш тартып, чындыкка бетме-бет келиши кандай кыйын экенин таамай көрсөтө алган.
Ал эми “Узак сапардагы поездде” автор үчүн “поезд” – бул адам туулгандан өлгөнгө чейин басып өткөн өмүр жолунун метафорасы. Поезд токтобой алдыга жыла берет, жыла берет... Ал эми анын ичиндеги жүргүнчүлөр ар кайсы станциялардан түшүп калышат же жаңылары түшүшөт. Драмада негизги көңүл жаш курагы өтүп калган, турмуштун ысык-суугун көргөн каармандарга бурулат. Каармандар поездде баратып, өз алдынча же бири-бири менен сүйлөшүү аркылуу өткөн өмүрүнө саресеп салышат.
Алар: “Мен туура жашадымбы?”, “Кимди таарынттым?”, “Эмнеге жетише алдым?” деген суроолорго жооп издешет. Чыгармада улуу муун менен жаш муундун ортосундагы ажырым, түшүнбөстүктөр жана баалуулуктардын алмашуусу өтө күчтүү берилген. Мында ностальгия, кусалык, өкүнүч жана ошол эле учурда жашоонун маңызын табууга болгон умтулуу бар.
Байжиев каармандардын ички монологдору аркылуу адамдын жалгыздыгын абдан чеберчилик менен ача алган. Поезд артка кайтпайт. Автор окурмандарга ар бир көз ирмемдин баа-баркына жетүү керек экендигин эске салат. Поезд ичиндеги тар мейкиндик каармандарды өз чындыгынан качып кутула албай турган абалга кептейт. Бул – өмүр бүтөр алдындагы адамдын өз абийири менен беттешүүсү. Жазуучу: “Биз – бир поездде бараткан жүргүнчүлөрбүз, андыктан бири-бирибизге кайрымдуу болушубуз керек!” – деген ойду кыйыр мааниде айтып өтөт. “Узак сапардагы поезд” – жөн гана турмуштук окуя эмес, бул адам болмушу тууралуу омоктуу ой толгоо.
Мар Байжиев каармандардын беткаптарын сыйрып, алардын чыныгы жүзүн көрсөтүүдө нагыз сүрөткер экенин далилдей алды. Поезд символу бүгүнкү тез өзгөргөн заманда да маанисин жогото элек жана жоголбойт дагы...
Биз дагы эле кайсы бир жаккадыр шашылып, жакындарыбызды, сүйүүнү, тазалыкты станцияларга таштап кетүүдөбүз. “Узак сапардагы поезд” – адамдын өзүнө-өзү жасаган саякаты!
Кыргыз Эл жазуучусу Мар Байжиевдин аталган ушул эки драмасы Россия, Латвия, Литва, Эстония, Грузия, Азербайжан, Украина, Молдова, Өзбекстан, Казакстан, Германия, Польша, Чехословакия, Румыния, Австрия, Венгрия, Финляндия, Швеция, Канада, Коста-Рика жана Монголия өңдүү өлкөлөрдүн театрларында коюлган.
* * *
Мар Байжиевдин кыргыз киносуна гана эмес, жалпы советтик кинематографияга да кошкон салымы чоң. Анын сценарийлери кыргыз киносун жаңы деңгээлге көтөрө алды. Байжиевдин калемине таандык “Ак илбирстин тукуму” (“Кожожаш”) менен “Алтын күз” көркөм тасмалары бүгүнкү күндө классикага айланып отурат.
“Ак илбирстин тукуму” тасмасынын сценарийи боюнча кинорежиссёр Төлөмүш Океевдин эки сериядан турган көркөм фильми дүйнөлүк деңгээлдеги масштабдуулукка ээ болуп, экологиялык апаат, жаратылыш маселесин козгоп, адамзат турмушунун тукум улоосу өңдүү философиялык суроолорго жооп издеген тасма. “Ак илбирстин тукуму” Берлин кинофестивалында “Күмүш аюу” сыйлыгына татып, кыргыз киносуна зор сыймыкты тартуулады. Бул картинанын сценарийинде жазуучу жаратылыш жана үрп-адат, ашыглык жана "жаратылышка кыянаттык кылсаң, кайра анын жообун сөзсүз аласың" деген өңдүү суроолорду көрүүчүгө коё билген.
Мар Байжиев кинематографияга катардагы жөнөкөй турмуштук окуя эмес, ар дайым чоң философиялык суроолорду камтыган, жакшылык менен жамандыкты, эркиндик жана жоопкерчиликти коё билген сценарист. Анын сценарийине таандык нерсе – тасмаларында кыргыз киносуна шаардык маданиятты, интеллигенциянын образын жана алардын ички изденүүлөрүн алып келгендигинде.
Мар Байжиев бир катар фильмдерге сценарий жазуу менен бирге, редакторлук кесипти да “Кыргызфильмде” аркалап, кыргыз кинематографиясына чоң салым кошту.
* * *
Коомдук иштерде өзүн активдүү көрсөткөн жазуучу өмүрүнүн соңку жылдарында да талбай иштеп, колунан калемин түшүрбөдү. Убактысынын көпчүлүк бөлүгүн “Манас” эпосуна арнады. Анын дагы бир чоң эмгеги – “Манас” эпосуна болгон мамилеси.
Ал эпостун мазмунун сактап, аны окурманга түшүнүктүү тилде жеткирүүдө зор күч жумшады. Ошондой эле ал репрессияга учураган атасы Ташым Байжиевдин жана башка кыргыз интеллигенциясынын ысымдарын калыбына келтирүүдө кайратмандыкты көрсөтө алды.
Мар Байжиевдин баалуу мурастары, адабий табериктери ошол өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарында гана актуалдуу болбостон, бүгүнкү күндө да өз маанисин жоготпой келет. Жана мындан ары да анын калеминен жаралган чыгармалардын улам кадыры артып, адамзат алдына олуттуу суроолорду коюу менен катар, турмуш чындыгын тайманбай айта бермекчи. Жазуучунун ар бир сөзү аркылуу биз өзүбүздү өзүбүз таанууга талпынып, рухий тазалыкка жуурулушмакчыбыз.