8-апрель күнү саат 12:00дө Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Чыңгыз Айтматов атындагы жыйындар залында чебер жазуучу, белгилүү прозаик, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Касым Каимовдун 100 жылдыгына арналган адабий эскерүү иш-чарасы өттү. Салтанатты Кыргыз улуттук жазуучулар союзу менен Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана биргеликте уюштурду.
Бул салтанатка чыгармаларына юморду ширете билген улуу сүрөткердин өмүрлүк жары Ырысжан Каимова, жазуучунун уулдары Сыргак жана Нурдин Каимовдор келишти. Иш-чарага Касым Каимовдун калемдештери: Кыргыз эл жазуучусу Сейит Жетимишев, Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, драматург Бурул Калчабаева, Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыков, жазуучу жана публицист Абибилла Пазылов, Кыргыз эл акыны Карбалас Бакиров катышты.
Эскерүүгө келген студенттер менен адабият күйөрмандарына залкар калемгерлердин эскерүүлөрү аркылуу жазуучунун чыныгы бейнесин таасын таанууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
* * *
Касым Каимовдун чыгармаларын окуганда, алгачкы саптардан эле эч кандай жасалмалуулук, ашыкча кооздолгон сөздөргө умтулуу байкалбайт. Бирок ошол жөнөкөйлүктүн артында терең философиялык катмар, адам жанынын назик абалын ачкан көркөм дүйнө жатат. Каимовдун прозасындагы башкы өзгөчөлүк турмуштун кадимки эле кездеше калуучу көрүнүштөрүнөн чоң маани таба билүүсүндө. Ал чоң окуяларды издеп убара болбойт, тескерисинче, күнүмдүк жашоонун майда эпизоддорун көркөм деңгээлге чыгарат.
Анын стили реализмдин салттуу багытына жакын болгону менен, ички психологиялык тереңдик аркылуу өз алдынча көркөм ыкмага ээ. Жазуучунун каармандары жөнөкөй адамдар. Бирок дал ошол жөнөкөйлүктүн ичинде алардын ички дүйнөсү, ой-толгоосу, кээде айтылбай калган кайгысы, кээде үнсүз кубанычы ачылат. Каимов адамды тышкы аракеттери аркылуу эмес, анын ичиндеги тынч күрөш аркылуу көрсөткөн жазуучу. Бул кыргыз прозасында сейрек кездешүүчү назик психологиялык изденүүнүн белгиси.
Каимовдун чыгармаларында үнсүз драматизм байкалат. Башкача айтканда, окуя сыртынан караганда жай, тынч агып жаткандай сезилет, бирок анын ичиндеги чыңалуу терең жана салмактуу. Окурман бул чыңалууну кыйкырык аркылуу эмес, туюм аркылуу сезет. Бул ыкма жазуучунун көркөм чеберчилигинин өзөгүн түзөт. Ошол эле учурда жазуучу тилди өзгөчө үнөмдүү колдонуп, ар бир сөз өз ордунда, ар бир сүйлөм ашыкча жүктөн арылган. Касым Каимовдун чыгармалары окурманды жай окууга, ар бир саптын маңызын сезүүгө чакырат.
Касым Каимов кыргыз прозасындагы терең психологиялык багытты өнүктүргөн, жөнөкөй турмуштун философиясын ачкан калемгер. Чыгармалары окурманга дароо эле катуу таасир этпегенсигени менен, акырындык менен ички дүйнөгө сиңип, узакка сакталып калат.
* * *
Жазуучу Сейит Жетимишовдун айтуусуна караганда, Касым Каимов өзүнөн мурда өзгөлөрдү биринчи ойлогон, адамдын төрөпейили болгон. Алтургай Каимовдун өзүнө мамлекеттик сыйлыктардын бири ыйгарыларда андан баш тартып, сыйлыкты Сейит Жетимишевге ыйгарууну туура деп тапканы эле анын инсандык бийиктигин ачык далилдеп турат.
Иш-чарада Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жогорку адабий курсунун окутуучусу, филология илимдеринин доктору Үмүт Култаева: — Касым Каимовдун ар бир аңгемесинен, ар бир повестинен Талас жергеси көзгө даана тартылып, анын касиетин сезебиз. Биздин окуу жайда да күзүндө атайын Касым Каимовго арналган иш-чара уюштурууну, студенттерибизге анын чыгармачылыгын терең тааныштырууну максат кылабыз, — деп баса белгиледи.
Токсон жашка чамалап калган өмүрлүк жары Ырысжан Каимова: — Касыкем экөөбүз 1956-жылы баш коштук. Ал ошондо 30 жашта, мен 18де элем. Чоң акын жана жазуучу Аалы Токомбаев Касымдын чыгармачылыгын жогору баалаганы үчүн, өзүнөн алда канча кичүү, аркасынан келе жаткан сатирик деп «Чалкан» журналындагы редакторлук милдетти Касыкеге атайын өткөрүп берген. Мына ошентип "Чалкан" журналын жетектеп калды. Деги эле Касыкем өмүр бою жалаң редакторлук милдетти өтөдү десем жаңылышпайм. "Чалкандан" кийин "Ала-Тоо" журналында, андан кийин "Кыргызфильмде" редактор, кийин "Кыргызстан маданияты" гезитин да жетектеп, ошол жерден ден соолугуна байланыштуу кызматын өткөрүп берип, ардактуу эс алууга чыкты. 20 жашынан эле өнөкөт оорусунун айынан Талас районундагы Энгельс (азыркы Үч-Эмчек) айылында кымыз менен өзүн-өзү дарылап, саламаттыгын чыңдоонун аракетинде болду. Таласта турдук...
Мына азыр да алдыңарда олтуруп, бир окуяны эстеп жатам. Биз, өзүңөр жакшы билгендей, ордо шаарыбыздын Москва көчөсүндө жайгашкан Саякбай Каралаев, Чыңгыз Айтматов, Сооронбай Жусуев, Муса Жангазиев жашаган үйдө туруп калдык. Ошол үйдө кыргыздын көрүнүктүү 16 жазуучусу, акыны, манасчысы болуп абдан ынтымактуу жашадык. Не бир керемет күндөр өттү. Жалаң кыргыздын каймактары чогулуп алып, сөздөрү түгөнбөй, кызыктуу аңгемелерден сөз козгошчу. Жаңы үйлөнгөнүбүзгө али бир жыл боло элек болчу. Кайсы бир күнү каалганы кимдир бирөө каккылаганынан ача салсам, залкар манасчыбыз Саякбай атабыз турат. Чоочуп кеттим... Аркы бөлмөдөн Касыкем Саякбай атабызды көрө коюп эле: Үйгө кириңиз, — деп калды. Сакебиз болсо: — Кечинде үйгө келип кеткиле. Атайын экөөңөрдү чакырганы келдим, — деди. Ошентип, кечкурун улуу манасчыныкында конокто болуп, беш-алты саат абдан узакка маектешип олтурушту. Соңунда Сакебиздин батасын алдык.
Касыкем экөөбүз абдан бактылуу жашадык. Балдарды өстүрдүк. Ал болсо өмүр бою тыным албай чыгармачылык менен алек болду. Кийин каза болгондо, Жазуучулар союзунан дээрлик түп көтөрүлө Касыке менен коштошобуз деп, бири калбай Таласка барышты. Бардыгы тең ушундай асыл адамдан айрылдыкпы деп кабыргалары кайышты. Чыңгыз Айтматов Москвада болуп калып, мага абдан узун жазылган телеграмма жибериптир. Эки-үч айдан кийин Айтматов Фрунзеге келип, мени кабинетине чакырып алып: Ырысжан, айланайын, кайрат кыл! Касыкем кетсе да, арабызда сен барсың. Сен биз менен биргесиң! Касыкем эки дүйнөнүн милдетин тең так аткарып өттү, — деди катуу кейип...
Ал сөзүнүн мааниси терең экенин түшүндүм. Себеби советтик коомдо бизге Кудай жок деп үйрөтүшчү. Студенттер Кудай бар деп айтышса, окуудан чыгарылчу. Атеизм өкүм сүрүп турган заманда да Касыкем жаш чагынан тартып беш маал намазын жашырынып окуган такыба киши болгон. Чөнтөгүндө партбилети болсо да, намазын үзбөй, ишенимин бекем сактады. Бүткүл жазуучулар анын иш бөлмөсүндө жашынып намаз окуганын көрүп-билишсе да, адамгерчилигин, боорукерлигин абдан урматташкандыктан эч бири аны сатышкан жок. Касыке намаз окуйт, динге ишенет деп жогору жактагыларга, КГБга жеткиришпеди. Мына ушундан эле Касыкемдин кандай адам болгонун түшүнсөңөр болот, — деди.
Касым Каимовду эскерүү иш-чарасынын алкагында аталган китепкананын биринчи кабатында жазуучунун уулу Нурдин Каимовдун сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Үстүбүздөгү жылы жазуучунун 100 жылдыгынын урматына уюштурулуп жаткан бул алгачкы саамалыктан кийин, күз айларында Талас облусунда атайын чоң салтанат белгиленери да айтылды.