Жазгы каникул кыскарды: Окуучулар бир күн гана эс алат

Коом Загрузка... 16 Февраль 2026 10:20
WhatsApp Image 2026-02-16 at 06.57.52.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Кыргызстанда жазгы каникул мезгилинде окуучулар бир эле күн эс алышат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин 2025-2026-окуу жылынын мектептик каникулдарынын графигинде көрсөтүлгөн.

Ага ылайык, окуучулар үчүн 6-март эс алуу күнү деп жарыяланган. Ал эми 7-8-март күндөрү ишемби жана жекшембиге туш келгендиктен, сабактар болбойт. Окуу процесси кайрадан 9-марттан тартып кадимки тартипте улантылат.

Ошондой эле министрлик май айындагы майрамдарга байланыштуу графикти тактады. Ага ылайык, республиканын мектептери 1-майдан 10-майга чейин иштебейт. Май айындагы узак эс алуудан кийин сабактар 11-майда башталат.

Эскерте кетсек, окуу графигиндеги мындай өзгөрүүлөр окуу программасынын толук аткарылышын камсыздоо максатында иштелип чыккан.