Жазгы каникул: Ата-энелердин өтүнүчү аткарылып, мугалимдердин укугу корголду

Билим Загрузка... 25 Февраль 2026 17:45
595196453_3652911541518685_140978178088511200_n.jpg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Күн мурун Агартуу министрлиги окуучулардын жазгы каникулу узартылганын маалымдады. Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, мындай чечим жазгы эс алуу күндөрү кыскарып калды деген ата-энелер коомчулугунан келип түшкөн кайрылууларды эске алуу менен кабыл алынган.

Атап айтканда, окуучулар үчүнчү чейректин жыйынтыгы менен 6–7–8-март күндөрү үч күндүк эс алууга чыгышмак.

Министрликтин түшүндүрмөсү

Агартуу министрлигинин мектеп, мектептен тышкары жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Фариза Солтогулованын айтымында, окуу жылы 34 жумага созулат жана жалпысынан 30 күндүк каникул каралган. Быйылкы окуу жылындагы эс алуу күндөрү ушул талаптарды сактоо менен жана жаңы Эмгек кодексине ылайык бекитилген.

“Адатта окуу жылы 1-сентябрда башталып, 25-майда аякташы керек. Биз ушул мөөнөттү сактап келебиз. Бул аралыкта мугалимдер календарлык-тематикалык планын толук аткарууга тийиш. Анткени алардын иши да тиешелүү органдар тарабынан текшерилет.

Ата-энелер жазгы каникул күндөрүн көбөйтүп берүү өтүнүчү менен кайрылышты. Бирок каникул узартылса, окуу күндөрү кыскарып, анын натыйжасында мугалимдердин айлык акысына таасир этиши мүмкүн эле.

Ошондуктан биз аны төрт күнгө узартып, бул күндөрдүн ордун 25-29-май аралыгына белгиледик. Мындай чечим менен мугалимдердин айлык акысы кыскарган жок. Башкача айтканда, ата-энелердин өтүнүчү эске алынып, ошол эле учурда мугалимдердин укугу да корголду”,-деди ал.

Каникулдун алдыга жылышынын себеби

Солтогулова быйыл жазгы каникулдун Нооруз майрамына туш келбей, алдыга жылдырылганын түшүндүрдү. Анын айтымында, быйыл окуучулар жазгы каникул учурунда 6-7-8-мартта үч күн, ошондой эле март айындагы Орозо айтта жана Нооруз майрамдарында бир күндөн эс алышмак. Жыйынтыгында ал беш күндү түзмөк. Бул күндөрдүн аралыгы алысыраак болуп калгандыктан, коомчулукта нааразычылыктарды жаратты.

“Көпчүлүк ата-энелер балдар жазгы каникулда адатта 21-март — Нооруз майрамында эс алып келгендигин эске салышууда. Май айында кошумча каникул киргизилгендиктен, эс алуу мезгилдери бири-бирине өтө жакын болуп калбасын деп жазгы эс алуу бир аз алдыга жылдырылды.

Эмгек кодексине ылайык, мындан ары январь жана май айларындагы каникулдар сакталат. Буга чейин окуучулар жыл ичинде үч жолу - күзгү, кышкы жана жазгы каникулга чыгып келишкен. Май айындагы эс алууну эсепке алганда алардын саны төрткө жетти.

Жалпысынан төрт каникулга 30 күн гана каралган. Бул эсепке иш күндөрү да, дем алыш күндөрү да кошо кирет.

Ошол эле учурда узак эс алуу күндөрү көбөйгөнү менен окуу мөөнөтү узарган жок. Окуу жылы мурдагыдай эле 34 жума бойдон калды”,-деп белгиледи ал.

Чейрек арасында эс алуу окуучулар үчүн канчалык маанилүү?

Психолог Айжамал Исамидинова мектеп окуучулары үчүн кошумча эс алуунун маанилүүлүгү тууралуу "Кабар" агенттигине айтып берди.

Анын айтымында, узартылган каникул кошумча мотивация гана болбостон, өзгөчө чыңалган окуу мезгилинен кийин күч-кубатты калыбына келтирүү үчүн зарыл ресурс болуп саналат. Кыска тыныгуулар көбүнчө балдардын толук кандуу эс алуусуна мүмкүндүк бербейт, ал эми топтолуп калган стресс жана чарчоо окууга болгон кызыгуусуна жана эмоционалдык абалына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

"Каникулдун узартылышы үй-бүлө менен баарлашууга жана активдүү эс алууга шарт түзөт, бул балдардын психоэмоционалдык өнүгүүсү үчүн өтө маанилүү. Кошумча күндөр окуучулардын тынчсыздануусун жана стрессин азайтууга, эмоционалдык саламаттыгын чыңдоого жана окууга кайтып келгенде кунт коюусун жогорулатууга мүмкүндүк берет", - деп белгиледи адис.