Жаңы жылда – жаңыча жашоо: Ден соолукту чыңдоонун жөнөкөй сырлары

Ден соолук Загрузка... 30 Декабрь 2025 12:35
og_og_1633437349259.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 30.12.25. /Кабар/. Республикалык саламаттык чыңдоо борбору калкты жаңы жылды өз ден соолугуна кам көрүү менен баштоого чакырып, ден соолукту жакшыртууга жана энергияны көбөйтүүгө жардам берген жөнөкөй, бирок натыйжалуу адаттарды сунуштайт.

Борбордун адистери белгилегендей, жаңы жыл - бул жашоо образын карап чыгып, ден соолук үчүн пайдалуу адаттарды өздөштүрүү үчүн жакшы мезгил.

Адистер төмөндөгүлөрдү сунушташат:

- Таңкы көнүгүү. Жөн гана 5–10 мүнөт жеңил көнүгүү жасоо - сергек энергия берип, тонусту жогорулатат.

- Дене үчүн суу режимин сактоо. Таң эрте бир стакан суу ичүү териге, метаболизмге жана энергияга пайдалуу.

- Күн сайын сейилдөө. 30 мүнөт таза абада басуу иммунитетти чыңдап, маанайды жакшыртат.

- Көбүрөөк жашылча-жемиш. Ден соолукка пайдалуу азыктар ар бир тамактанууга кириши керек.

- Толук кандуу уйку. Туруктуу режим жана кеминде 8 саат уйку эмоционалдык баланс жана ишке жөндөмдүүлүктү сактоого жардам берет.

- Шекерди аз колдонуу. Адистер таттууну жемиштер жана пайдалуу снектер менен алмаштырууну сунушташат.

- Гаджетти чектөө. Убакытты үй-бүлөгө, окууга же хоббиге арнаңыз.

Борбор ошондой эле бул адаттарды акырындык менен баштоону, башында 1–2нү тандап алып, адаптация болгондон кийин жаңы адаттарды кошууну сунуштайт.

“Ар бир кичинекей кадам - сиздин ден соолугуңузга чоң салым”,- деп баса белгилешет алар.