Жаңы Жер кодекси. Бишкек, Ошто ижарага алынган жерге курулган үйлөрдүн 10 пайызы мамлекетке өтөт

Аналитика Загрузка... 24 Июль 2025 11:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Кыргызстанда башка өлкөлөрдөй эле жер маселеси - мамлекеттик деңгээлде стратегиялык, экономикалык, социалдык жана саясий мааниге ээ. Үстүбүздөгү жылдын 21-июлунда президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш тарабынан 2025-жылдын 4-июнунда кабыл алынган Жер кодексине жана "Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул өлкөнүн жерге болгон мамилесин жөнгө салуучу башкы мыйзам болуп саналат.

WhatsApp Image 2025-07-24 at 09.54.55.jpeg

Белгилей кетсек, президент коомчулукта нааразычылык жараткан бул мыйзамды алгач апрель айында каршы пикир менен артка кайтарган. Өлкө башчысы жыл башында "Кабар" агенттигине берген маегинде менчик жерлерди алып коюуга каршы экенин жана жеке менчик мүлк кол тийгис экенин айткан. Андан кийин каршы пикир менен парламентке кайтарылган Жер кодексин макулдашуу тобу кайра иштеп чыккан. Анткени, кайтарылган редакциясында коомдук керектөө үчүн жер тилкесин мамлекетке алууда кенемтени базар баасынан төмөн төлөйт деп коомчулук кооптонгон. Өзгөртүүлөрдөн соң кол коюлган жаңы мыйзамга ылайык коомдук муктаждык үчүн мамлекет менчик жерди кенемте төлөөдө "базар баасында" сатып алмакчы.

Коомдук муктаждык үчүн жер тилкени алуудагы Жер кодексиндеги белгиленген негизги эрежелер:

- жерди алып коюу - объектини жайгаштырууга башка мүмкүнчүлүк болбогон учурда гана жүргүзүлөт;

- менчик ээси макул болбосо, мамлекеттик орган сотко кайрыла алат;

- кенемте теңдеш жер тилке, акчалай төлөм же экөөнүн айкалышы түрүндө болушу мүмкүн;

- кенемтенин өлчөмүнө жердин жана курулуштардын базар баасы, келтириле турган чыгымдар кирет;

- акчалай төлөм жер алынганга чейин берилиши керек;

- эгер маселе сот аркылуу чечилсе, кенемтенин өлчөмүн сот аныктайт;

- жердин бир бөлүгүн бөлүп алуу каралбайт, алынса толугу менен алынышы керек;

- эгер жер күрөөдө болсо, күрөө жаңы жер тилкеге өтөт, же кенемте эсебинен жабылат.

Ал эми "КР Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" кол коюлган мыйзам айыл чарба, сугат айдоо жерлерин жана жерге жайгаштыруу иштери тариздейт. Ошондой эле мыйзам 1999-жылга чейин алынган багбанчылык-дачалык жер тилкелерине укуктарды жана аларды жакын жайгашкан калктуу конуштарга кошулушун ырастайт. Бул турак жайга, жарандарды каттоого алууда, бала бакчага жана мектепке кирүү үчүн балдардын документтерин тариздөөгө, жөлөкпулдарды жана пенсияларды алууга мүмкүнчүлүк берет.

Жер кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгуучу макулдашуу тобун жетектеген Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаевдин пикиринде кодекске негизинен бир нече чоң өзгөртүү киргизилген.

WhatsApp Image 2025-07-24 at 10.01.48.jpeg

“Президентибиз кол койгон Жер кодексине негизинен үч, төрт чоң өзгөртүү киргизилди. Биринчиден, Бишкек жана Ош шаарларында ижарага берилген жерлерге ар ким ар кандай бааны төлөп, ар кандай колдоно беришчү. Эми жаңы кодекске ылайык, ошол ижарага алынган жерлердеги үйлөрдүн 10 пайызын мамлекетке, муниципалитетке өткөрүп берет. Анан тез аранын ичинде кызыл китеп алат. Ижара төлөбөйт, 10 пайызын муниципалитетке өткөрүп берет. Мисалы, 500 батирлүү үй куруп жатса ошонун 50 батирин мэрияга өткөрүп берет. Экинчиси мамлекет бир жерди ала турган болсо, “келишимдеги баа” деп жазылып коомчулук нааразы болгонунан “коммерциялык баа” менен деп өзгөртүлдү. Мында көз карандысыз эксперттер келип жердин баасын чыгарат. Ошонун негизинде мамлекет менчик жерди базар баасында алат.

Президент айткандай, кызыл китеби барлар документ туура алынса, мыйзам чегинде болсо мамлекет тарабынан корголот. Андан башка туннель курулуп, электр чубалгыларын тартып жатканда алар жайгашкан жерлер талаш болуп калган учурлар болгон. Ушуну мындан ары мамлекет тарабынан курулуп жаткан стратегиялык иштерге берүү боюнча чечим кабыл алынды. Андан тышкары, трансформация маселелери, элде көйгөй жаратып жаткан дачалардын маселеси чечилди. Эми калк туруктуу жашаган дачаларга айыл статусу берилип, мамлекет мектеп, бала бакча сыяктуу кызматтар көрсөтүлөт”,- деди Түлөбаев.

Жер кодексин кабыл алуунун зарылчылыгына токтолсок, мурда колдонулуп келген Жер кодекси 1999-жылы кабыл алынып, андан бери ага 61 ирет өзгөртүү киргизилген. Бирок, документ учурдагы шартка, талаптарга жооп бербей калгандыктан өзгөртүүгө муктаж болгон. Юрист Сарвар Тейфуровдун пикиринде жаңы Жер кодексинин артыкчылыгы жана кемчилиги иш үстүндө билинет.

“Жакында эле кол коюлган Жер кодексинин натыйжалуулугу тиешелүү бир ишти кароо учурунда аныкталат. Азыр артыкчылыгы жана кемчилиги тууралуу айтууга эрте. Кодексте мамлекет менчик жерди ала турган болсо базар баасында кенемте төлөнөт деп белгиленген. Бирок, мында жерди сөзсүз көз карандысыз баалоочу баалоосу зарыл. Кабыл алынган документ мамлекет менен менчик ээлеринин кызыкчылыктарынын ортосунда тең салмактуулукту сактоого аракет кылат, бирок жаңы ченемдердин канчалык деңгээлде натыйжалуу иштей турганын иш жүзүндөгү колдонуу жана соттук практика көрсөтөт”,- дейт юрист.

6FC1A0F9-3114-45CD-849F-426C0543E60C.jpeg

Адистер жер ресурстарын башкарууда ченемдик документтерди жаңыртуунун зарылдыгы катары жерге байланыштуу талаш-тартыш, соттук иштердин көбөйүшү жана жергиликтүү деңгээлде коррупциялык көрүнүштөрдүн орун алышы, айыл чарба жерлеринин максатсыз колдонуу деп эсептешет. Президент маегинде да бир квадрат метр жерди да бош калтырбагыла деп жеке менчик жер ээлерине кайрылганы бар.

“Жеке менчик жерлерди жергиликтүү бийликтегилер кыдырып туруш керек. Кимдер иштете албай жаткан болсо, өкмөт тараптан жардам берели, иштеттирели. Өзү иштете албай жатса, анда ижарага алып өкмөт иштетсин. Жолдорун тапса болот да. Буудай, арпа, картошка сыяктуу айыл чарба багытындагы тамак-аш боло турган эгин-тегиндерди сепкиле. Импорттон көз каранды болбойлу. Өзүбүздү өзүбүз камсыз кылганга аракет кылалы. Өкмөттүн максаты деле ушул. Силердин жерлерди тартып алып өкмөттү байыталы деген максаты жок”, - деди ал.

Ошентип жаңы Жер кодексинин колдонууга кириши учурда өлкөдө кызуу жүрүп жаткан курулуш, жолдорду кеңейтүү иштеринде да маанилүү. Бул кадам менен жер ресурстарын башкарууда ачык-айкындуулук, туруктуулук, жеке менчик укугун сактоо жана жерди колдонууда натыйжалуулукка жетишүү максаты коюлган. Бирок, мамлекет, экономика жана коомдун заманбап керектөөлөрү эске алынган мыйзамдын реалдуу ишке ашырылышы тийиштүү мамлекеттик даярдыкты, калктын катышуусун талап кылат.