Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын билим берүү тармагында чоң жаңылануу болуп, Агартуу министрлигине министрлер кабинети тарабынан 91 жаңы кызматтык унаа тапшырылган. Бул кубанычтуу жаңылык тууралуу Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турум Сатарбаева өз оюн билдирип, акыркы жылдардагы өзгөрүүлөргө токтолду.
Анын айтымында, бул тармактагы акыркы 30-40 жыл ичиндеги эң чоң техникалык жаңылануу болуп саналат.
"Бүгүн биз үчүн кош майрам болуп жатат. Биринчиси – жетекчиликтин мугалимдердин айлыгын көтөрүп бергени болсо, экинчиси – мына ушундай аппак болгон жаңы унаалардын берилиши. Акыркы 30-40 жылдын ичинде бизде мындай көрүнүш эч качан болгон эмес. Буга чейинки унааларыбыз эскилиги жеткен "Москвич", "Жигули" жана 1983-жылкы "Аудилер" эле. Алардын көбү жараксыз абалда болчу", – деди Сатарбаева.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси жаңы техникалар иштин ыкчамдыгын арттыра турганын баса белгиледи. Алыскы айылдардагы бала бакчаларды жана мектептерди кыдырып, көзөмөл жүргүзүүдө унаа маселеси башкы көйгөй болуп келген.
"Эми алыскы айылдардагы билим берүү мекемелерине баруу, алардын абалы менен жеринде таанышуу бир топ жеңилдеди. Мындай колдоо үчүн ыраазычылык билдиребиз", – деп кошумчалады ал.