Кыргызстандын эки мектебинде азербайжан тили окутулат

Билим 30 сентябрь 2026 18:20
Кыргызстандын эки мектебинде азербайжан тили окутулат
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. Кыргызстандагы эки мектепте азербайжан тили окутула баштайт. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын Азербайжандын элчиси Лятиф Гандилов жана Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарында азербайжан тилин окутуу үчүн Кыргызстанга келген мугалим Вердева Улькер Рауф кызы менен жолугушуусунда айтылды.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Азербайжандан келген мугалим Вердева Улькер Рауф кызы Н. Гянджеви атындагы №103 жана Г. Алиев атындагы №20 мектептерде азербайжан тилинен сабак берет.

Мугалимдин Кыргызстанга келиши эки өлкөнүн мугалимдерин өз ара алмашуу боюнча жетишилген макулдашуулардын алкагында ишке ашууда. Өз кезегинде Кыргызстандан мугалим Азербайжанга барып, кыргыз тили жана адабиятынан сабак берет.

Бул демилге эки өлкөнүн билим берүү жана маданий байланыштарын өнүктүрүүгө багытталган.