Агартуу министрлигине 91 кызматтык унаа тапшырылды

Коом Загрузка... 13 Май 2026 17:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 13.05.26 /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Агартуу министрлигине 91 кызматтык унаа тапшырды.

Минкаб төрагасынын айтымында, ата мекендик Chevrolet Tracker үлгүсүндөгү унааларга 178 млн 528 миң сом жумшалды.

Касымалиев мугалимдердин коом алдындагы вазийпасын жогору баалоо менен берилип жаткан унаалар натыйжасыз чыгымдар кыскарта тургандыгын белгиледи.

“Айрыкча ал алыскы райондордогу агартуучулардын ишин жеңилдетет”,-деп белгиледи ал.

Минкаб башчысы кызматтык унааларды Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында тапшырды.

Белгилей кетсек, "Ачык кабинет" долбоору мамлекеттик органдардын ишин болгонун болгондой, жасалмалуулугу жок, таңдан баштап кечке чейинки иш күнүн ачык көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

Бүгүн Адылбек Касымалиев Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдөгү бир нече объектилерди кыдырууда.