Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Австрия кесиптик билим берүү, анын ичинде туризм жана меймандостук тармагы үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча кызматташтыкты кеңейтет. Бул тууралуу 1-октябрда Агартуу министрлигинде министр Догдуркүл Кендирбаеванын Австриянын парламенттик достук тобунун делегациясы менен жолугушуусунда айтылды.
Тараптар дуалдык окутууну өнүктүрүү жана Австриянын кесиптик билим берүү тажрыйбасын Кыргызстанда колдонуу маселелерин талкуулашты. Министрдин айтымында, туризм тармагындагы адистерди даярдоо боюнча биргелешкен долбоор үчүн Австриядагы Klessheim туристтик колледжи үлгү катары тандалган.
Кыргызстанда бул багытта "Ак-Суу" республикалык инновациялык туристтик кесиптик лицейи түзүлүп, учурда анын имараттар комплексин реконструкциялоо иштери аяктап жатат. Лицейде мейманкана тейлөөсү, тоо лыжа базаларын тейлөө, жабдууларды техникалык тейлөө жана тоодо куткаруу кызматтары боюнча адистерди даярдоо пландалууда.
Жолугушууда Австриянын парламенттик достук тобунун жетекчиси Маркус Хофер келерки жумада Кыргызстанга дуалдык билим берүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулоо үчүн делегация келерин билдирди. Тараптар «Ак-Суу» лицейин өнүктүрүү боюнча биргелешкен иштерди жандандырууга макулдашты.