Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таратып, жаңы шайлоо 30-ноябрга дайындалды. Кыргызстанда “оюн эрежеси” оңдолуп, шайлоо системасы өзгөрүүгө дуушар болду. Өлкө партиялык тизмеден же андан кийинки бир мандаттуу-партиялык аралаш шайлоо тутумунан толук баш тартып, көп мандаттуу, мажоритардык системага өттү.
Алтын мандаттарды акчага сатып алуу доору аяктады
Бул жолу депутаттыка талапкерлер аймактарда жеке атаандаштык менен ат салышып, мыйзам чыгаруу бийлигин элдик өкүлчүлүк аркылуу ишке ашыруу вазийпасына киришкени турат.
“Мындан ары мурдагыдай партиялык тизмеге кире калып, миллион доллар бере салып, эч ким тааныбаган эле бирөө депутат болуп келген башаламан система жок.
Мындан ары депутаттарды түздөн-түз өзүңүздөрдүн араңыздардан шайлап аласыздар.
Биз, бийлик, “талапкерди эл өзү тандап алсын” деп толук шарт түзүп бердик.
Эми өзүңөр жаңылбай, тандап алып, анан шайлаңыздар.
Бул жолу чыныгы элдик өкүлдөрдү, өзүңөрдүн өкүлүңөдү шайлайсыздар”, – деди президент Садыр Жапаров.
Ошондуктан бул шайлоо талапкерлер ортосунда ачык саясий атаандаштыкты жаратып, аймактарда ар бир талапкер таймашып, күч сынашып, жаңы лидерлер республикалык деңгээлдеги саясий майданга суурулуп чыгары күтүлүүдө. Бул шайлоо системасынын өзгөчөлүктөрү эмнеде? Жогорку Кеңешке эми кандай депутаттар келиши мүмкүн? Мына ушул жана башка суроолордун айланасында баш катырып, “Тегирмен” ташын тегеретебиз. Анда эмесе, алыстабай, алдыдагы мүнөттөрдө биз менен бирге болуңуздар.
Аймактардын ар биринин өкүлү болот
Мурда депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин партиялардын башчылары түзүп, бирок көпчүлүк учурда аты-жыты белгисиз, бирок, шайлоочулардын таразасынан өтпөй эле, кимиси тизмеде алдыңкы орундарга илинсе, арттагылардын эсебинен автоматтык түрдө “алтын мандат” алган өнөкөт өөрчүп кеткен эле.
Буга чейин партиялык тизме аркылуу шайлоодо алдыңкы ондуктагы, жыйырмалыктагы же ортоңку отуздукка кирген депутаттыкка талапкерлердин орундары жең ичинен соодаланып, шайлоочулардын ишеними партия жол башчыларынын кызылдай кызыл кулактыгына айланганы белгилүү. Азыркы шайлоо мыйзамы талапкерлер шайлоочуларга түз барып, добуштарын алууга өбөлгө түзүп, аймактар аралык балансты жана элдик өкүлчүлүктү камсыздоону ичине камтыйт. Талапкерлер өз ара ат салышып, парламентке шайланып келүү мүмкүнчүлүгү көп мандаттуу округдардагы добуштардан көз каранды.
“Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жана элдик өкүлчүлүк кылуу функциясы болот. Өкүлчүлүктү камсыз кылууда эки башкы принцип бар. Биринчи калктын санынын бирдейлиги кармалоого тийиш. Экинчиси ар бир аймактын өкүлү болушу шарт. Мына ушундай тең салмактуулук болушу шарт. Мурдагы шайлоолордо калкынын саны аз, чакан райондордон онго жакын депутат чыккан учурлар болду. Ал эми башка райондордон бир дагы депутат болбой калган көрүнүштөр болгон. Эми мына ошондойго жол бербей, тең салмактуулукту сактай турган шайлоо системасы иштейт,”- дейт БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов.
Эми мыйзам боюнча республикада көп мандаттуу отуз шайлоо округу түзүлөт. Алардын чек аралары, шайлоочулардын саны мыйзамга ылайык, Боршайкомдун ички жоболору менен бекитилген. Кыргызстан 9 аймактык-административдик бирдиктен турат. Андагы шайлоо округдары калктын санына ылайык түзүлүп, ар бир округга үчтөн депутаттык мандат бөлүнөт. Анын экөө эркек киши болсо, үчүнчүсү аялзаты болууга тийиш. Же болбосо тескерисинче...
Депутаттык мандаттарды аймактык өкүлчүлүк боюнча бөлүштүрүү принциби:
Ар бир шайлоо округу орточо 140 миң шайлоочудан турат. Андан өудө-ылдый айырмачылык 20%ды түзөт. Ар бир округдан 3 депутат шайланып келет.
Калкынын саны көп облустар көп шайлоо округдарына ээ болот, аз калктуу аймактарда аз шайлоо округдары болуп, азыраак мандатка ээ болот.
Жалпы: 30 округ → 90 мандат. Калктын саны менен округдар боюнча мандаттардын санынын ортосундагы паритеттик баланс сакталат.
Атаандаштыкка жол
Ал эми буга чейин партия башчыларынын тилин таба албаган аймактык лидерлер же көз карандысыз талапкерлер шайлоого катыша алган эмес. Өткөн шайлоодо бул өксүктөрдү жоюуга аракет болуп, партиялык тизме менен кошо бир мандаттуу округдардан талапкер шайлаган аралаш система иштеген. Бирок, алешемдиктен улам, шайлоодо бир мандаттуу округдардан жыдыган талапкерлердин айынан кайра шайлоо өткөрүү машакаты келип чыккан. Бул кошумча чыгымды жана убакытты талап кылды. Жаңы мыйзамга ылайык, азыр эми шайлоодон утуп, бирок кийин жыдыган депутаттын мандаты андан кийинки добуш алгандарга берилет.
Ал эми быйыл кабыл алынган жаңы шайлоо мыйзамына ылайык кирген көп мандаттуу мажоритардык модель жер-жерлерде ачык саясий атаандаштыкты жаратат. Анын менен бирге эле бул модель бирдей мүмкүнчүлүк менен күч сынашууга жана аймактардын тең салмактуу өкүлчүлүгүн камсыздоого өбөлгө түзүлө турган болду.
“Саясий атаандаштык эми ачык-айкын жүрөт. Мурдагыдай “бийликтин гана кишилери өтүп келет” деген нерсе жок. Бул абдан чоң жетишкендик. Каалаган адам шайлоого барып, катыша алат. Алдын ала кимдер депутат болуп келерин эч ким билбейт. Курч атаандаштык болот. Бардыгына бирдей шарттар түзүлдү. Талапкерлер болгону ишенимге ээ болуп, добуш алышы гана керек.” - дейт Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев.
Шайлоо системасы өзгөртүлгөнгө чейин парламент депутаттары пропорционалдуу негизде, партиялык тизмелер аркылуу шайланчу. Партия башчылары талапкерлердин тизмелерин түзүп, кызыкчылык көп учурда борбордон же ири шаарлардан чыккан капчыктуу өнөктөштөргө артыкчылык берүүгө негиз берчү. Бирок талапкерлер бир партиялык идеянын астына эмес, утурумдук кызыкчылыкка гана байланып келген.
Ал эми партиялык тизмедеги талапкерлердин ичинен мурда соттолуп, бирок кийин соттуулугун жоюп салып, шайлоого кайра эле бара берген өнөкөт бар эле.
Жаңы шайлоо мыйзамында эгер талапкер мурда уюшкан кылмыш тобуна мүчө болсо, же ага байланышса, ошондой эле башка кылмыш иштери боюнча соттуулугу жоюлганына карабай, анда аны талапкер катары каттоодон баш тартуу ченеми киргизилген.
“Эми мурдагыдай кайсы бир кылмыш иштери боюнча соттолуп, бирок шайлоого жакын калганда ар кандай жолдор аркылуу соттуулугун жоюп туруп, анан шайлоодо депутаттыкка талапкер катары катталууга болбойт. Мурда таржымалына соттуулук боюнча көлөкө түшүп калгандардын бардыгы, соттуулугу жоюлганына карабастан, шайлоого бара алышпайт.” - дейт БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов
Партиялык система саясий бийликтин баш калаада - Бишкекке гана топтолушуп, анын борборлошуусуна алып келген. Бир эле талапкер ар бир чакырылышта ар кайсы партия тизмесинен жылт этип, депутат болуп шайлана берип, кимдин кайсы партияга таандык экени да коомчулукта талаш жараткан учурлар болгон.
Регионалдык тең салмактуулук
Партиялык тизмелер аркылуу депутатыкка шайлануу укугу партия лидерлеринен гана көз каранды болуп, көпчүлүк талапкерлер аймактык кызыкчылыкты коргоону дээрлик эске алган эмес. Ал тургай, Чаткал, Токтогул, Ак-Талаа, Ак-Суу сыяктуу райондор көп жылдар бою парламенттен өз өкүлдөрүн көрө алышкан эмес. Жаңы шайлоо тутуму мына ошол кемчиликтерди толуктайт.
Регионалдык баланс
Кыргызстандын жаңы шайлоо системасында аймактардын өкүлчүлүгү кепилденген. Анткени ар бир көп мандаттуу округдан депутаттар түз шайланат. Мындан улам:
- Ар бир регион парламентте өзүнүн өкүлүнө ээ болот.
- Депутат шайланган аймагынын кызыкчылыгы үчүн түз жооп берет.
Натыйжасы:
- Депутаттардын сапаты жана аймактар менен байланышы жогорулайт.
- Аймактык жана көз карандысыз саясий фигуралар көбөйөт.
- Партиялык борборлордун шайлоого таасири азаят.
Жаңы система парламентти тең салмактуу, аймактардын кызыкчылыгын чагылдырган өкүлчүлүктүү органга айлантат. Бул реформа шайлоо жараянын ачык атаандаштыкка негиздеп, калктын саясий системага ишенимин күчөтөт.
Натыйжада, буга чейинки жагдай Жогорку Кеңештин депутаттарынын эң негизги укук- милдеттеринин бири – элдик өкүлчүлүк принциби ишке ашырылбай келген. Айрыкча, бюджетти түзүп, жер-жерлердеги капиталдык салымдар үчүн каражат кароодо аймактар аралык тең салмактуулук бузулуп, парламентте өкүлү жок район-шаарларга мектептер, бала-бакчалар же ооруканалар оңдолуп же курулбай келген. Жаңы шайлоо системасы көп мандаттуу округдардан шайланган өкүлдөрдүн өз аймагынын кызыкчылыгын парламентте коргошун камсыздайт:
Бул жолу чыныгы акыл таймашы болуп, чыныгы татыктуулар алдыга суурулуп чыгабы же шайлоо мурдагыдай эле капчыктуулардын кармашына айланабы, аны эми алдыда убакыт көргөзөт. Бул шайлоочулардын өз келечеги үчүн өздөрү жоопкерчиликти алган туура тандоосуна байланыштуу.