Жаңы парламентке коюлган талаптар жана ишмердигиндеги өзгөчөлүктөр

Аналитика Загрузка... 17 Декабрь 2025 18:12
WhatsApp Image 2025-12-17 at 17.50.57.jpeg

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Парламенттеги салтанаттуу маанай, сөзүн таппай толкунданып, сүрдөгөн жаңы эл өкүлдөрү, кайра шайланып келген экс-депутаттар, мурунку ордуна кайра барган спикер. VIII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясы, президент Садыр Жапаров, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров жана Адылбек Касымалиев баш болгон министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн катышуусунда өттү. Көп мандаттуу округдардан шайланып келген 87 депутат мандатка ээ болуп, ант беришти.

Жогорку Кеңеш жаңы депутаттарды толугу менен оңдолгон имарат, заманбап жыйындар залы, жаңыртылган унаалар менен тосуп алды. Кабинеттери буга чейин эле колго тийген, эми Бишкекте үйү жокторго ипотекага батир берилет. Мандат алган 87 депутаттын ичинен 50 эл өкүлү мурунку чакырылышта отургандар. Алардын дайыны коомчулукка маалым болгондуктан, негизги көңүл парламенттин босогосун алгачкы ирет аттап жаткан 37 депутатта болду.

Регламент боюнча жаңы парламенттин алгачкы жыйынын эл өкүлдөрүнүн эң улуусу ачат. Бүгүн бул милдет Ош облусунун Кара-Суу районунан шайланып келген Гүлай Машраповага жүктөлдү. Ал жакында эле 69 жашка чыккан. Буга чейин жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында иштеп, коомдук жана мамлекеттик ишмердикте тажрыйбасы мол.

Ал эми эң жаш депутат Бекмырза Чолпонбай уулу, 25 жашта. Көпчүлүк үчүн шайлоонун күтүүсүз жыйынтыгы катары эң көп сындалып жана талкууланып жаткан. Абалынан бүгүн да жазган жок: антты 3 жолу кайталап, талкууну кайра кызытты.

Жаңылардын арасында блогерлер Улукбек Карыбек уулу менен Болот Ибрагимов, Күн-Туудан чыккан айыл өкмөт кызматкери Эдита Тайгараева, мурунку министр Гүлнара Баатырова, ишкер Рахат Жунушалиевалар бар.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 84 депутаттын “макул”, 3 депутаттын “каршы” добушу менен Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин спикери болуп шайланды. Анын орун басарлары болуп Чыңгыз Ажыбаев, Жылдыз Таалайбек кызы жана Карим Ханджеза шайланды.

Добуш демекчи, эми депутаттар келбей калган кесиптештеринин ордуна кнопка баса алышпайт. 2026-жылдан баштап добуш берүүнүн биометрикалык системасы киргизилгени турат. Депутаттар манжа издери менен гана катталып, добуш бермей болушту. Бул ыкма каталарга жол бербей, добуш берүүнүн ачыктыгын камсыз кылат деп жатышат.

Деги эле бул чакырылыш жаңы мыйзам, жаңы эрежелер менен түздөн-түз элдин элегинен өтүп келген “өзгөчө парламент” деп аталып жатат. Аны президент Садыр Жапаров да парламенттеги сөзүндө белгилеп, биздин өлкө учурдагы саясий системага жетүү үчүн узак жолду басып өткөнүн эске салды. Садыр Жапаров эгемен Кыргызстандын тунгуч “легендарлуу парламенти” бийлик менен тил табыша албай тарап кеткени, 1995-жылы түзүлгөн 1-чакырылыштагы Жогорку Кеңеш, 2000-жылы эки палаталуу парламент болуп өзгөргөнү, 2005-жылы бир мандаттуу округ, андан кийинки партиялык система, 2010-жылдагы парламенттик башкаруу системасы жана алардын учурундагы ыплас иштер туурасында айтып берди.

“Бул система орногондо тажрыйбанын жоктугунан уламбы, же жеке кызыкчылыктар үчүн мүмкүнчүлүктөргө жол ачылдыбы, айтор, саясий коррупциянын арааны ачылды. Партиянын тизмесиндеги биринчи ондуктардын ар бири миллион долларга чейин сатылган учурлар болду. Мына ошол учурда, 2010-жылы, “Ата Журт” партиясын жетектөө менен экинчи жолу депутат болуп шайланып келдим. Мыйзам чыгаруу органынын ичинде кайнап, толгон-токой башаламандыкка, саясий коррупцияларга өз көзүм менен күбө болдум.

Ошол кездеги Жогорку Кеңешке өткөн партиялар бири-бири менен соодалашып, өлкөнү үч партия үчкө бөлүп кетти. Анткени Баш мыйзам ушундай түзүлүп калган эле. Кызмат орундары соодалашуунун предметине айланып калган. “Биздин партияга чуркаган” деген түркөй принцип менен диплому жок партиялык тарапташтар деле ар кайсы мекемелерге жетекчи, аким, мэр болуп дайындалышты. Кадр таптап өстүрүү дегенге таптакыр маани берилбей, кадр саясаты мурдакыдадан да болуп көрбөгөндөй кризиске кептелди. Кызматтар кызылдай акчаларга сатылып, чыныгы кесипкөй, иш билги, мекенчил адамдардын келечегине балта чабылды. Ошентип, өлкөбүз 10 жыл бою фракциялардын кызыкчылыгындагы кызыл чеке талаш-тартыш менен бир орундан жылбай турду десек болот. Тилекке каршы, мына ушундай коррупциялык система 2020-жылга чейин гүлдөп келди. Жыйынтыгында өзүңүздөр билгендей, мамлекетибиз чачырап кете жаздады. Партиялык системанын аброю түшүп, элдин жеке эле парламентке эмес, жалпы бийлик бутактарына ишеничи таптакыр өчүп калды. Партиялык тизмелер менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да депутат болуп жатышты”-деди президент.

Чындыгында парламенттеги ыплас оюндардан, ишмердиктин натыйжасыздыгынан улам эл шайлоого ишенбей калган эле. Президент айткандай, айрым саясатчылар упай топтоо, өзүн пиар кылуу үчүн популисттик кадамдарга барган. Мыйзамдарды жеке же акча берген тараптардын кызыкчылыгы үчүн жазган, кесипкөйлөрдү эмес, тааныш-билиш, туугандарын кызматтарга койгон депутаттарды көрдүк. Садыр Жапаров өнүккөн мамлекеттерди мындай кой, кошуна өлкөлөрдөн артта калганыбыздын бир себеби да кадр саясаты экенин, иш билги, кесипкөй кадрлардын баары чет өлкөлөргө чыгып кетип, кадрларга муктаждык күндөн күнгө өсүп жатканын кошумчалады.

Кадрдык каатчылыкты жоюу үчүн Чолпон-Атада “Акылман” мектеби ачылган. Миллиарддаган каражаттарга окутулуп жаткан бүтүрүүчүлөрү жогорку кесипке ээ болгон соң, милдеттүү түрдө мамлекеттик кызматка алынат. Учурда мындай лицейлер Таласта, Жалал-Абадда курулуп жатат. Алдыдагы жылдарда Ош, Баткен, Чүй, Нарын облустарында ачылат.

“Келечекте ушул мектептерди жана башка дүйнөдөгү эң алдыңкы жогорку окуу жайларды бүтүрүп чыккан билимдүү, жаңы муундагы улан-кыздарыбыз келип, азыркы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеп жаткан бизди, эски муундагыларды, 30-40 жыл дегенде араң толук алмаштырып бүтөт экен. Ушул сыяктуу багыттарды азыртадан баштап колго алып, кадр маселеси боюнча келечектүү мамлекеттик саясатты жүргүзүп жатабыз”,-деди өлкө башчысы.

Ал эми коррупциялык иштерге аралашкан чиновниктер менен сүйлөшүү кыска жана аёосуз болот. Муну депутаттар менен коомчулук өздөрү деле байкап жатышат. Президент өкмөттүн деңгээлиндеги коррупция жок кылынганын, ал эми акимчилик, мэрия, айыл өкмөттөрүндө уланып жатканын айтты. Паракорлуктун бетин ачууда эл өкүлдөрү да чоң салым кошо алат. Анткени алар эл ичинен түздөн-түз шайланып келишти, демек шайлоочулары менен кайтарым байланыш да түз болууга тийиш. Айтмакчы, бул чакырылыштагы депутаттар министрлер менен иштешүү эрежелерин бираз өзгөртүүсү керек болот.

“Комитет, фракция жыйындарына ар дайым эле министрлер өздөрү келишин талап кылып, чакыра бербешиңиздерди өтүнөр элем. Мен дагы эки жолу депутат болгом, билем эмне үчүн министрдин өзүн чакырасыздар. Айтпай эле коеюн ээ бул трибунадан?

Албетте, айрым учурларда министрлер өздөрү келиши керек болгон мыйзам долбоорлору болот. Бирок башка учурларда алардын орун басарлары менен иштешсеңер.

Анткени мен министрлерди 24 саат бою, керек болсо түн уйкусунан ойготуп алып иштеткен учурларым болот. Күндүз зарыл учурларда чакырып калсам, дайыма эле Жогорку Кеңештемин, комитеттин же фракциянын жыйынындамын деп күндө эле ушул жерде жүрүшөт. Министр деген күнү-түнү дебей министрликтин ишин жылдырыш керек.

Ошондуктан мындан ары иштин натыйжалуулугу үчүн орун басарлары менен же маселеге тиешелүү адистери менен көбүрөк иштешсеңиздер. Мына азыр баарыбыз ийри олтуруп, түз кеңешип, көзмө-көз сүйлөшүп жатабыз. Ошондуктан министрлерге да кулак кагыш кыла кетейин, эл тарабынан тандалып келген парламент менен дагы сый мамиледе болуңуздар”,- деди Садыр Жапаров.

Өлкө башчысы шайлоого элдин аз санда келгенине токтолуп, ылайыктуу шарттар түзүлгөнүнө карабай, пландалган 70 пайыздык катышуу болбогонун, элди добуш берүүгө үндөө үчүн жаңы чаралар керектигин ортого салды. Тийиштүү мыйзам иштеп чыгууну сунуштады. Мүмкүнчүлүк экономикалык жетишкендиктерге алып келе турган укуктук документтерди иштеп чыгууга да берилери бышык.

Учурда экономиканын өсүү темпи боюнча дүйнө жүзүндө алдыңкы үчилтикке киргенибиз факт. ИДПнын өсүү ыргагы 10%, жыл аягына чейин 1,2 триллион сомго чыга турган бюджет, 4-5 жыл ичинде 2 миллиарддан 8 жарым миллиард долларга жеткен алтын валютанын запасы, тышкы карыздан жеңил кутулуу. Атап айтканда, 2035-жылга чейин жаап бүтүрүү мүмкүнчүлүгү. Мунун баары бийликтин ишмердигинин натыйжасы.

Өлкөдө болуп жаткан экономикалык ийгиликтер, коррупция менен күрөшүү, социалдык курулуштар баштаган эмгекти эске алганда, жаңы депутаттардын алдында иштөө стилин өзгөртүү чакырыгы турат. Өлкө жетекчилигинин кыска убакта натыйжа чыгарган темпи менен иштей албаса, бул чакырылышка да чоң сындар айтылып, ыңгайсыз суроолор бериле берет.