Жаңы Ош базар 3 айдын ичинде курулуп бүтөт - Айбек Жунушалиев

Коом 7 март 2025 10:45
337200.jpg
462536613_534817929240027_3031292406424025807_n.730x0.jpg
Алдыга
Артка
337200.jpg
462536613_534817929240027_3031292406424025807_n.730x0.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 07.03.25. /Кабар/. Жаңы Ош базар 3 ай ичинде курулуп бүтүп, азыркысы толугу менен көчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев күн мурун Ош базарга жасалган рейд учурунда билдирди.

Анын айтымында, жаңы базардан зарыл болгон расмий документтери бар гана соодагерлер орун ала алат.

"Азырынча расмий документтери жок иштеп жаткандарга эч ким тийбейт. Бирок, биз көптөн бери эле документтерди ирээтке келтирүү зарылдыгын эскертип келебиз. Базар толугу менен көчүрүлөт. Жаңы базарга көчкөндөн кийин бул жакта соода кылганга тыюу салынат. 3 айдын ичинде бүтөт деп жатышат. Бардык соодагерлер жаңы орундарга которулат, эч ким калбайт. Бирок, жаңы базардан патенти жана соода кылуу үчүн мыйзамдуу келишими болгон жарандар гана алгачкылардан болуп орун ала алышат", - деди мэр.