Жаңы окуу жылынын алдында 25 миңден ашуун мугалим окуудан өтөт

Билим Жүктөлүүдө... 28 Июль 2026 15:40
WhatsApp Image 2026-07-28 at 15.41.20.jpeg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. 2026–2027-окуу жылына даярдык көрүүнүн алкагында өлкө боюнча 25 429 мугалимдин квалификациясы жогорулатылат.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, окутуулар жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандарттарына, окуу программаларына жана жаңы окуу-методикалык комплекстерге ылайык өткөрүлөт. Ага башталгыч класстардын 1–3-класстарынын, ошондой эле математика жана табигый илимдер предметтери боюнча 5-, 7- жана 8-класстардын мугалимдери катышат.

Алгач биринчи этапта 455 тренер даярдалат. Алар Бишкек жана Ош шаарларында атайын окуудан өтүп, андан соң өз аймактарында мугалимдерди окутушат.

Тренерлерди окутуунун мөөнөтү төмөндөгүдөй:

  • Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары үчүн 4–7-августта Ош шаарында;
  • Бишкек шаары, Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустары үчүн 10–13-августта Бишкек шаарында офлайн форматта өткөрүлөт.

Ал эми мугалимдерди окутуу 10-августтан 11-сентябрына чейин республика боюнча офлайн форматта уюштурулат.