Бишкек, 01.09.25. /Кабар/. Доор өзгөрөт, бирок билимдин мааниси эч качан өзгөрбөйт. XXI кылымда да билим берүү тармагы башкы багыт, негизги күч бойдон кала берет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 1-сентябрь – Билим күнүнө карата жолдогон куттуктоосунда билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, өнүккөн мамлекеттерде билим берүү саясий, маданий, экономикалык жана башка өнүгүүлөр менен эриш-аркак жүргөнү буга айдан ачык күбө.

“Биз билим берүү системасы мамлекеттин узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн негизи болуп саналарын, билим берүүгө жумшалып жаткан инвестициялар өлкөнүн келечеги үчүн негизги салым экенин эң жакшы түшүнөбүз. Бүгүнкү күндө биздин башкы максатыбыз – сандан сапатка өтүп, ар бир окуучуга терең жана сапаттуу билим берүү. Бул үчүн мезгил талабына жараша алдыга умтулган, күжүрмөн мугалимдерибиздин кызмат шарттарын жакшыртуу, айлыкты көтөрүү сыяктуу демилгелерди мамлекет колдоп келе жатат. Ошону менен бирге, билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында заманбап инфратүзүмдөрдү куруу, санарип технологияларды кеңири колдонуу жана кадрлардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жаатында бир катар аракеттер жасалууда”, - деди мамлекет башчысы.

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева “Кабар” агенттигине маалымдагандай, мугалимдердин айлыгы 2026-жылдын апрель жана октябрь айларында эки этап менен жогорулайт.
“Учурда каржы кызматкерлери мунун үстүнөн иштеп жатышат. Сааттарды кыскартып коюу деген болбойт. Бирок, айлык акы мугалимдин иш натыйжасына карап көбөйтүлөт. Окуучунун билим сапаты жогорулаган сайын мугалимдин айлыгы да жогорулайт”, - деген министр.
Буга чейин министрликтен окуучулардын жетишкендиктерине жараша мугалимдерге эмгек акы төлөөнүн модели иштелип жатканын айткан. Анда окуучулардын чейректердеги жетишкендиктерине жана окуу жылдын жыйынтыгына мониторинг жүргүзүлөрүн, бул үчүн окуучунун санариптик күндөлүгү жетиштүү болору белгилешкен.
Билим берүү тармагы боюнча эксперт Асылбек Жооданбеков мугалимдердин айлыгын көтөрүү зарыл экендигин айтат. Ал окуучулардын окуусунун сапатына карап, так критерийлердин негизинде маяна жогоруласа, мугалимдердин ишинин майнаптуулугунун артышына дагы оң таасир тийгизет деп эсептейт.
“Мугалимдердин айылыгын көтөрүү – бул абдан жакшы, бул зарылдык. Айыл жергесиндеги мугалимдердин чарбасы бар болуп, күнүмдүк муктаждыктарына жетип турса, шаар жеринде жашаган мугалимдер, мисалы, Ош, Бишкек шаарларында жашаган мугалимдер, деги эле жалпы мугалимдер колдоого муктаж болот. Азырынча айтыла элек, канча пайыз көтөрүлөт. Агартуу министрлиги мугалимдердин ишинин натыйжасына, окуусунун сапатына карап, дагы көтөрөбүз дегени деле жакшы нерсе. Менин оюмча, эгер так критерийлердин негизинде маяна жогорулай турган болсо, бул мугалимдердин ишинин майнаптуулугунун артышына дагы жакшы таасир тийгизет”, - деди Асылбек Жооданбеков.

Эске салсак, өлкөдө мугалимдердин айлык акысы 2022-жылдын апрель айында президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 50%дан 80%га чейин көтөрүлгөн.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 93 миңден ашуун мугалимдин 87 миңдейи мамлекеттик мектептерде иштейт. Жыл башынан бери билим берүү кызматкерлеринин орточо эмгек акысы 25 миң 764 сомду түздү.
Эскерте кетсек, Кыргызстандагы мектептерде 1,5 миллиондон ашык бала билим алууда. Жалпысынан өлкөдө 2394 мектеп бар (анын 224ү – жеке мектептер), анда 93 миңден ашык мугалим эмгектенет.