Ата-энелердин эсинде: Быйыл кайсы класстар ишемби күндөрү окуйт

Билим 8 сентябрь 2026 12:35
Ата-энелердин эсинде: Быйыл кайсы класстар ишемби күндөрү окуйт
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 08.09.26. /Кабар/. 2026-2027-окуу жылында 6-11-класстын окуучулары окуу программаларын толук өздөштүрүү максатында 8 ишемби күнү кошумча сабак окушат.

Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, бул чара окуу жылынын 15-сентябрда башталып, 2027-жылдын 25-майында аяктарына байланыштуу кабыл алынууда.

"Кошумча 8 окуу күнүнүн графигин мектептер өз алдынча түзүп, ата-энелер жана аймактык билим берүү башкармалыктары менен макулдашат", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми 1-5-класстар үчүн беш күндүк окуу жумалыгы өзгөрүүсүз сакталат.