Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Аламүдүн районундагы Мраморное айылында 275 орундуу жаңы мектеп корпусу курулду.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, объект республикалык бюджеттен каржыланып, анын жалпы наркы 111 млн сомду түздү.
Жаңы корпустун жалпы аянты 1 миң 975 чарчы метрди түзүп, анда окуу класстары, китепкана, лаборатория жана жыйындар залы каралган. Ошондой эле жайкы машыгуу аянтчасы курулду.
Курулуш-монтаждоо иштеринин сапаты Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөндү.
Жаңы корпус окуу жылынын башталышы менен пайдаланууга берилип, мектепте эки нөөмөт менен 600гө жакын окуучунун билим алуусуна шарт түзүлөт.