Бишкек, 13.08.26 /Кабар/. Кыргызстандын жалпы билим берүү мектептерине орус тили жана окуу боюнча 671 миң жаңы окуу китеби жеткирилди. Алар кыргыз жана орус тилдеринде билим алган мектептердин 1, 2 жана 5-класстарынын окуучуларына арналган.
Окуу китептерин кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча расмий азем китептер сакталган кампада өттү. Жакынкы күндөрү окуу китептери аймактардагы мектептерге жөнөтүлөт.
Агартуу министрлигине караштуу "Окуу китеби" басма үйүнүн директору Төлөгөн Аматовдун айтымында, жеткирилген окуу китептеринин саны окуучулардын керектөөсүнө ылайык келет.

"Эң негизгиси бул китептер мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык жазылган. Окуу китептери мектеп программасына ылайыкташтырылып, 1, 2 жана 5-класстын окуучуларына зарыл болгон темалар эске алынган", — деди ал.
Окуу китептери Кыргызстан менен Россиянын биргелешкен долбоорунун алкагында иштелип чыккан. Аларды түзүү жана адаптациялоо иштерине эки өлкөнүн авторлору жана эксперттери катышкан.
Басып чыгарылганга чейин белгиленген экспертизадан жана апробациядан, анын ичинде педагогикалык, илимий-педагогикалык, дискриминацияга каршы жана гендердик экспертизалардан өткөн. Зарыл болгон текшерүүлөрдөн өткөндөн кийин окуу китептерине Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин грифи берилген.
Долбоор Россиянын Билим берүү министрлигинин, Кыргызстандын Агартуу министрлигинин жана "Просвещение" басмаканасынын колдоосу менен "Менин тарыхым" коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.
"Менин тарыхым" коомдук фондунун Эл аралык кызматташтык жана гуманитардык илимдерди колдоо департаментинин жетекчисинин орун басары Павел Дмитриев билим берүү тармагындагы кызматташтык системалуу мүнөзгө ээ экенин белгиледи.

Анын айтымында, 2024-жылдан бери фонд Россиянын Билим берүү министрлигинин колдоосу менен Кыргызстанда мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана мектеп окуучулары үчүн олимпиадаларды уюштуруу боюнча долбоорлорду ишке ашырып келет.
"Бул иш окуу китептерин жеткирүү менен гана чектелбейт. Кыргызстандын Билим берүү министрлигине эксперттик колдоосу, активдүү катышуусу жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биргелешкен иш мындан ары да улантылат", — деди Дмитриев.
Окуу китептеринин өз убагында жеткирилишин "Просвещение" басмаканасы камсыздады. Логистика боюнча адис Руслан Кевшандын айтымында, ташуу учурунда эч кандай көйгөй жаралган эмес жана транспорттун жүрүшү навигациялык системалардын жардамы менен көзөмөлдөнүп турган.

"Бардык окуу китептери өз убагында, кечигүүсүз жана белгиленген графиктен кечикпестен жеткирилди. Айрым унаалар белгиленген мөөнөттөн да эрте келип жетти", — деп белгиледи ал.
Жаңы окуу китептери жакынкы күндөрү Кыргызстандын мектептерине өткөрүлүп берилет.