Жаңы өнөктөштүккө карай: Ошто кыргыз-өзбек бизнес-форуму өттү

Аймак 22 Июль 2026 14:00
751563228_1378913744427519_4067107892139156494_n.jpg
750871078_1378914077760819_1897326076492212469_n.jpg
751471791_1378914067760820_8743978609720984909_n.jpg
751611369_1378913877760839_2360440293995286_n.jpg
751871079_1378914231094137_7188310106627423519_n.jpg
751871085_1378914217760805_3127224484508254258_n.jpg
752150980_1378914147760812_6313812966971172322_n.jpg
752497723_1378913821094178_6182784232967509325_n.jpg
752699303_1378914041094156_2031449874248470628_n.jpg
752881631_1378914127760814_6055776724483053524_n.jpg
752937416_1378914204427473_6837501356277279678_n.jpg
754497405_1378914174427476_6846873583239803775_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкерлеринин бизнес-форуму өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, форумду Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев ачып, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого жана жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга тилектеш экенин билдирди.

Иш-чарага Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Өзбекстандын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун, ошондой эле эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Өзбекстандан келген 80ге жакын ишкер катышкан форумда соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Ошондой эле форумдун жүрүшүндө Ош шаарынын туристтик потенциалы боюнча презентация өтүп, шаардагы туристтик багыттарды өнүктүрүү жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берилди.

Мындан тышкары, катышуучулар Ош шаарында ишке ашырылып жаткан ири инфраструктуралык, шаар куруу жана социалдык-экономикалык долбоорлор менен таанышышты.