Жаңы Кыргызстан: Туруктуулуктун аркасында өлкө экономикасы кандай өзгөрдү?

Аналитика 8 октябрь 2026 18:20
WhatsApp Image 2026-10-08 at 17.25.27.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-08 at 16.55.47.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-08 at 17.25.27.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-08 at 16.55.47.jpeg
Алдыга
Артка

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Саясий туруктуулук жана тынчтык өлкөнүн бутка туруп өнүгүүсү, экономикалык-социалдык жашоосунун жакшыруусу үчүн бекем пайдубал жана кепилдик экенин акыркы жылдардагы өзгөрүүлөр так көрсөттү. Ички экономика 10 пайыздан түшпөгөн өсүштү көрсөтүп, илгерилөөгө дем берүүдө. Тынчтык, биримдик жана ынтымак болуп турса экономикабыз мындан ары да өсө берерин президент Садыр Жапаров дембе-дем эскертип келет. Бул катардагы саясий ураан эмес, өнүгүүнүн башкы шарты экенин учурдагы мамлекеттик иштерге баам салып турган коомдук ишмерлер жана эксперттер бир ооздон белгилеп жатышат.

Кыргызстандын алдыдагы өнүгүү багыты учурдагы ири экономикалык долбоорлор, инвестициянын агымы, геосаясий абал жана өкмөттүн пландарына байланыштуу экени белгилүү. Ал эми саясий туруктуулук, тынчтык жана элдин биримдиги максаттарга жетүүнүн кепилдиги. Акыркы 5–6 жылда Кыргызстандагы туруктуулуктун аркасынан экономикалык өсүш, мамлекеттик башкаруунун жаңы модели жаралып, өлкөдө системалуу өзгөрүүлөр байкалууда. Эгемендүүлүк алгандан берки тарыхты эстесек, саясий туруксуздуктардын кесепетинен баарын кайра башынан баштай берип ири реформаларды жүргүзүүгө, экономикалык, инвестициялык бараандуу долбоорлорду ишке ашырууга шарт болгон эмес. Экономика улам артка кетип, инвесторлордун ишенимине кайра кирүү оор болгон. Бул жакынкы тарыхтын эң чоң сабактары болуп калышы керектигин эксперттик коомчулук баса белгилеп келет.

2020-жылдан берки убакытты алсак, Кыргызстандын бюджети 5 эсеге жакын өстү. Консолидацияланган бюджет 2020-жылы 300 млрд сомдун тегерегинде болсо, 2025-жылы 1 трлн 101 млрд сомго жетти.

  • Экономиканын өсүшү: ИДПнын жалпы көлөмү 2020-жылы 8,3 млрд долларды түзсө, 2025-жылы 22,6 млрд доллардан ашты.
  • Салыктык башкаруулардын жакшырышы: Салык кызматынын кирешеси 2020-жылы 78 млрд сом болсо, 2025-жылы 304,3 млрд сом болду.
  • Бажы кирешелери 6 эсе өстү: 2020-жылы 28,9 млрд сом жыйнаса, 2025-жылы 157,4 млрд сом чогултту.
  • Салыктык эмес кирешелер 8–9 эсе көбөйдү: 2020-жылы 33 млрд сом түшкөн болсо, 2025-жылы 189,4 млрд сом болду.
  • Экономикалык активдүүлүк өстү: Кызмат көрсөтүүнүн көлөмү ИДПда 1 трлн сомдон ашты, өсүү 10,9%ды түздү.
  • Кумтөрдөн бюджетке түшкөн төлөмдөр өстү: 2021–2025-жыл аралыгында Кумтөр мамлекеттик башкарууга өткөндөн кийин жалпы киреше 5 млрд 115 млн доллар (400 млрд сомдон көп) өндүрүштөн топтолду. Бюджетке салык жана башка төлөмдөр боюнча 1 млрд 176 млн доллар (100,6 млрд сом) түштү. Дивиденд катары дагы 441 млн доллар (38,2 млрд сом) чогулду.

2026-жылы план боюнча да консолидацияланган бюджет 1 триллиондон ашуусу керек. Киреше 551,2 миллиард сом, ал эми чыгымдар 550,8 миллиард сом өлчөмүндө бекитилген. Профицит 436,4 миллион сом деп пландалууда. Профицит келерки 2027-жылы 40 млрд, ал эми 2028-жылы 51 млрд сом болушу керек.

Жакынкы 4–5 жылды алсак ИДПнын көлөмү 30 млрд долларга жетип, экономиканын жылдык өсүшү 8%дан кем эмес деңгээлде кармалышы керек. 2025-жылды Кыргызстан 22,6 млрд доллар ИДП менен жаап, киши башына көрсөткүч 3 миң доллардан ашты. Эми бул сумманы 2030-жылга чейин 4–4,5 миң долларга жеткирүү белгиленүүдө. Ал эми чакан жана орто бизнестин үлүшүн 50%га жеткирүү пландалган. Айтмакчы, 2025-жылы эле бул сектордун ИДПдагы үлүшү 51% ашканы маалым.

Бул сандардын артында бүгүн сөзгө алынып, көзгө көрүнүп, колдонулуп жаткан өнөр жай жана социалдык багыттагы объекттер, жолдор, маяна, пенсия, жөлөк пулдар, жаңы иш орундары сымал конкреттүү иштер турат. Бул учурда жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөрдүн бир нечеси гана. Алдыда ушул ыргактан жазбай улантып кетүү милдети турат.

Өзгөчө глобалдашуу жана күчөгөн эл аралык атаандаштык шартында Кыргызстандын заманбап, кубаттуу мамлекетке айлануусунун башкы өбөлгөсү — өлкөдөгү тынчтык, туруктуулук жана коомдун бир максатка биригүүсү болуп саналат. Акыркы жылдары өлкөдө өнүгүүгө кеңири жол ачылып, мамлекет башчысы тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясат муну тастыктап турат.

Эгерде Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсү мамлекеттин жана ар бир жарандын жашоосуна түздөн-түз таасир тийгизет. Саясат таануучу, мамлекеттик түзүлүш боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов “Кабар” агенттигине берген комментарийинде ынтымак жана туруктуулук шартында алдыда жетебиз деген натыйжаларды бир нече багытка бөлүп талдап берди.

“Экономикалык туруктуулук бул — жаңы ишканалар, логистикалык борборлор жана өндүрүштөрдүн ачылышы. Мунун арты менен Россия, Европа, Түркия, айтор, чет өлкөлөрдө эмгек миграциясында жүргөн мекендештерибиздин өз жеринде иштөөсүнө шарт түзүлүүдө. ИДП өсүп, салык түшүүлөрү көбөйүп мамлекеттик бюджет толукталууда. Бул өз кезегинде тышкы карыздан кутулууга жана каржылык көз карандысыздыкка жол ачат. Өлкөдө саясий жана укуктук туруктуулук болгондуктан чет элдик ири инвесторлор коркпостон капитал алып келип ири долбоорлор, жолдор, заводдор, ГЭСтердин курулушу каржыланууда.
Экинчи багыт, социалдык чөйрөнүн жакшырышы. Бир эле мисал, мамлекеттик кызматкерлердин, тартип сакчыларынын, мугалим, дарыгерлердин маянасы жогорулады. Мектептер менен ооруканалар заманбап технологиялар менен жабдылып, билим берүүнүн жана дарылоонун сапаты эл аралык деңгээлге жакындоодо. Айыл, кыштактарга чейин таза суу жетип, жолдор четинен оңдолууда. Үзгүлтүксүз электр энергиясы жана интернет менен камсыздоо жакшырууда.
Үчүнчү багыт, экология жана “жашыл” экономика. Кыргызстан өзүнүн суу-энергетикалык потенциалын, ГЭСтерин толук пайдаланып экологиялык таза энергия өндүрүүчү жана аны коңшу өлкөлөргө экспорттоочу негизги борборго айланууга кадам таштады. Мөңгүлөрдү жана жаратылышты сактоого, экологиялык коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулуп келет.
Төртүнчүсү, саясий туруктуулук жана мыйзам үстөмдүгү. Туруктуу жол менен өнүгүп отурсак, бардык мамлекеттик кызматтар санариптештирилип, коррупциялык схемалар четинен жоюлууда. Мыйзам алдында баары бирдей болгон укуктук коом калыптанып баратат десек болот. Саясий туруктуулук өлкөдөгү тез-тез кайталануучу төңкөрүштөргө чекит коюп мамлекеттик программалардын узак мөөнөткө пландалып ишке ашуусуна шарт түздү.
Ал эми бешинчи багыт эл аралык деңгээлдеги аброюбузга жана туризмдин өнүгүшүнө байланыштуу. Кыргызстан өзүнүн кооз жаратылышы, Ысык-Көлү жана тоолору менен дүйнөлүк туристтердин эң коопсуз жана сүйүктүү өлкөсүнө айланып бара жатканы сыр эмес. Геосаясий маанисин алсак, Борбордук Азиядагы транзиттик борбор катары ролу күчөп, "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолу сыяктуу ири долбоорлор аркылуу дүйнөлүк соодада маанилүү оюнчуга айланат.
Кыскасы, туруктуу өнүгүү Кыргызстандын реципиент өлкөдөн бутуна бекем турган, жарандардын коопсуздугу жана бакубаттуулугу толук камсыз кылынган өнүккөн мамлекетке айланышы дегенди билдирет”, - деди Шерадил Бактыгулов.

Эксперт бул багыттар “Жаңы Кыргызстан” аталышы менен таанымал өнүгүү стратегиясында бекитилгенин белгиледи. Анын пикиринде Кыргызстан туруктуу шартта ынтымак менен иш алып барса максатына жетет. Анткени, акыркы алты жылдын ичинде эле өлкө өз көрсөткүчтөрүн жакшырта алды. Демек, потенциал бар, иштесе болот.