Жаңы курулган аренаны “Жаштык” аренасы деп атоону чечтик — өлкө башчысы

Президент Загрузка... 10 Ноябрь 2025 17:42
WhatsApp_Image_2025_15iRzmZ.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.11.25 /Кабар/. Жаңы курулган аренаны “Жаштык” аренасы деп атоону чечтик. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров “Кыялымдагы Кыргызстан” жаштар форумунда жаштарды куттуктап жатып айтты.

Анын айтымында, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун 5 миң орундуу Кичи аренасы эл аралык стандарттарга ылайык курулган, көп функциялуу, универсалдуу жай болуп саналат.

“Бул жерде спорттук иш-чараларды эле эмес, эл аралык деңгээлдеги турнирлерди, концерттерди жана маданий-массалык иш-чараларды да өткөрүүгө шарттар түзүлгөн.

Арена бүгүнтөн тартып борбор калаабыздын спорттук жана маданий борборуна айланат. Бирок, эң башкысы, бул жай силер үчүн, жаштар үчүн курулду! Бул аренанын чыныгы ээси, анын деми, анын жашоосу – жаштар, силерсиңер!

Кезинде даңазалуу каганат, улуу дөөлөттөрдү курган, кылымдарды карыткан бай тарыхы бар, миңдеген жылдык тарыхында кыл чайнашкан кыйын кезеңдерден кылычтай суурулуп чыгып келген кыргыз элинин таянаар тоосу, сүйөнөөр зоосу жаштар экенин эсиңерден чыгарбагыла.

Мына ошондуктан, өлкөбүздүн өнүгүп-өсүүсүнө чоң жоопкерчилик менен белсенип кирише турган, жаркын Кыргызстанды куруучулары дал ушул силерсиңер деп баса белгилеп айтаар элем.

Учурда жаштар кайсы иш менен алектенбесин, ар бири өлкө экономикасынын көтөрүлүшүнө, элибиздин өсүп-өнүгүшүнө чын ниети менен салым кошууга далалат кылып жатканын жакшы билем.

Бизди алдыга сүрөгөн күч – элдин биримдиги, коомдун ынтымагы жана жаштардын жаратман деми. Жаштарыбыздын билими, акылы, кайрат-күчү, намысы менен биз сөзсүз адилеттүү, күчтүү жана өнүккөн жаңы Кыргызстанды, “Кыялымдагы Кыргызстанга” курууга жетерибизге бекем ишенем! Ошондуктан жаңы курулган бул аренаны мен “Жаштык” аренасы деп атоону чечтим! Кыргызстандын намыска бек жаштары ар дайым бар болсун! “Жаштык” аренасы акжолтой болсун! Кут болсун! Жаштарга узак жылдар бою кызмат кылып тура берсин!”,- деп баса белгиледи ал.

Белгилей кетсек, учурда Бишкек шаарында өлкөнүн жаштар саясатынын эң ири иш-чарасы болгон “Кыялымдагы Кыргызстан” жаштар форуму өтүүдө. Ага борбор калаа жана өлкөнүн аймактарынан келген 5000ден ашуун активисттер, студенттер, волонтёрлор, жаш ишкерлер, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү катышууда. Форумдун максаты - жаштарды бириктирүү, жергиликтүү демилгелерди колдоо жана жаштар менен бийлик, бизнес жана эл аралык уюмдардын түз диалогун камсыз кылуу болуп саналат.