“Жашыл Мурас” долбоорунун алкагында жолчулар тарабынан көчөт отургузуу уланууда

Коом 1083 14 Март 2025 10:30
IMG_3229.jpeg
IMG_3228.jpeg
IMG_3230.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_3229.jpeg
IMG_3228.jpeg
IMG_3230.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт министрлигинин маалымат кызматы

Бишкек, 14.03.25. /Кабар/. Жашыл Мурас” улуттук долбоорунун алкагында жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери уланууда.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, 13-март күнү №31 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Жалал-Абад-Казарман унаа жолунун 39-40-чакырымына көчөт отургузуу иштери аткарылды. Ошондой эле Ноокат-Папан автожолунун 6-7-чакырым аралыгына карагай көчөттөрү отургузулду.

Белгилей кетсек, ушул күндөрү “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында жол жээгин жашылдандыруу иштери башка аймактарда жүргүзүлүп, жолчулар тарабынан көчөттөр тигилүүдө.