"Жашыл" энергетика жана заманбап технологиялар: Төрөбаев инвесторлорду кабыл алды

Министрлер кабинети 26 Май 2026 11:50
6a151a4330a2a (1).jpg
6a151a45e5fe0.jpg
6a151a45e0ef9.jpg
6a151a447c449.jpg
6a151a4479b76.jpg
6a151a434a44b.jpg
Алдыга
Артка
6a151a4330a2a (1).jpg
6a151a45e5fe0.jpg
6a151a45e0ef9.jpg
6a151a447c449.jpg
6a151a4479b76.jpg
6a151a434a44b.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 26.05.26 /Кабар/. Президенттин атайын тапшырмалар боюнча өкүлү Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы алдында чет элдик инвесторлор менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө инвесторлордун "Каракол" эркин экономикалык аймагындагы долбоорлорго инвестиция тартуу боюнча сунуштары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ысык-Көл облусунун аймагында кайра жаралуучу энергия булактары чөйрөсүндөгү башка долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Тараптар өнөр жай инфраструктурасын өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана заманбап технологияларды киргизүү келечегин талкуулашты.

Компаниялардын өкүлдөрү инвестициялык демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришип, Ысык-Көл облусунун өнөр жайды жана "жашыл" энергетиканы өнүктүрүү үчүн жогорку потенциалын белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында инвесторлордун берилген сунуштарын биргелешип иштеп чыгууну улантуу жана мындан аркы кызматташтыкты чыңдоо боюнча макулдашууга жетишилди.