"Жашыл" энергетика: Кыргызстан ШКУ өлкөлөрү менен кызматташууну кеңейтүүдө

Экономика Загрузка... 10 Июль 2026 16:40
Snimok_ekrana_79.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Кыргызстан кайра калыбына келүүчү энергия булактарын өнүктүрүү үчүн чоң потенциалга ээ, ал эми Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттер менен өнөктөштүк бул тармакка заманбап технологияларды киргизүүгө шарт түзөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн ШКУ өлкөлөрүнүн академиктеринин III форумунун жыйынтыгына арналган маалымат жыйынында Улуттук илимдер академиясынын академиги Мурат Жуматаев билдирди.

Анын айтымында, аталган форум "жашыл" энергетика багытын дээрлик бир убакта өнүктүрө баштаган Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Таджикстандын окумуштуулары үчүн тажрыйба алмашуунун натыйжалуу аянтчасы болду.

"Форум абдан мазмундуу өттү. Биз коңшу Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандагы кесиптештерибиз менен пикир алмаша алдык. Ал эми Кытай, албетте, "жашыл" энергетиканы, күн жана шамал электр станцияларын өнүктүрүүдө дүйнөлүк лидер болуп саналат", – деди ал.

Жуматаев Кыргызстандын күн жана шамал энергиясын өндүрүү үчүн жагымдуу табигый шарттары бар экенин, ал эми Кытай бул багытта алдыңкы технологияларга ээ экенин баса белгиледи.

Ошондой эле академик бүгүнкү күндө күн менен шамалдан алынган энергияны топтоо жана сактоо эң негизги маселелердин бири болуп жатканын айтты. Электр энергиясын сактоо технологияларын өнүктүрүү гана кайра калыбына келүүчү энергия булактарын натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Мурат Жуматаев учурда Балыкчы шаарында кубаттуулугу 1900 МВт түзгөн күн электр станциясын куруу долбоору ишке ашырылып жатканын эске салды.