Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Баку шаарында өтүп жаткан эл аралык форумдун алкагында Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Азербайжандын энергетика министри Парвиз Шахбазов жолугушту.
Ведомстводон билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар энергетика тармагындагы стратегиялык мамилелерди жаңы деңгээлге чыгаруучу бир катар маанилүү демилгелерди талкуулашты.
"Кыргызстан Каспий жашыл энергетикалык коридору демилгесине кошулуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Кыргыз тарап өлкөнүн гидроэнергетикалык дарамети жогору экенин жана Борбор Азиянын Бирдиктүү энергетикалык тутумунда маанилүү ролду аткарарын белгиледи. Бул кадам таза энергияны эл аралык рынокко чыгарууга жол ачат", - деди министр.
Ошондой эле жолугушууда Ысык-Көлдүн жээгинде курулуп жаткан Азербайжандын заманбап туристтик комплексин үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу маселеси чечилди.
Мындан тышкары, Ибраев Азербайжандын мамлекеттик SOCAR мунай компаниясы менен кызматташтыкты кеңейтип, өлкөгө дизелдик отун жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүнү сунуштады.
Жыйынтыгында эки өлкөнүн министрлери Борбор Азия менен Түштүк Кавказдын ортосундагы энергетикалык байланыштарды чыңдоо, жашыл энергетика жана мунай продуктуларын жеткирүү багытындагы кызматташууну активдештирүүнү макулдашты.