Дүйнө жүзүндөгү алдынкы университеттердин бири Гарвардга окуу көптөгөн студенттердин кыялы. Мекендешибиз Жылдыз Арыстанбек бул кыялды ишке ашырып, аталган окуу жайдын билим берүү лидерлиги, уюмдар жана ишкердик багытындагы магистратура программасына алгачкы кыргызстандык болуп кабыл алынды. “Кабар” агенттигине ал мектеп курагы, билим алуудагы басып өткөн жолу жана Гарвардга тапшырууга байланышкан тажрыйбалары менен бөлүштү.
- Өзүңүздү тааныштырып өтсөңүз. Буга чейин кайсы окуу жайда окудуңуз эле?
- Менин атым Жылдыз Арыстанбек. Мен Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Арал айылынан болом. Ошол жерде чоңоюп, орто мектепти аяктагам. Мугалимдердин үй-бүлөсүнөн болгондуктан, бала кезибизден китепке жана билимге жакын өстүк. Ата-энебиз бизди “Оокат бүтпөйт, билим алгыла”, “Окууну биринчи орунга койгула”, “Кыздар сабагынан калбасын, гектарлап картошка экпей эле коёлу” деп чоңойтушту. Алар бизге бекем ишенип, дем берип, колунда бар нерсесинин баарын биздин билим алуубузга жумшашты. Бир туугандарымдын илим менен билим жолунда кетип бара жаткандыгынын бир себеби да ушул болсо керек.
Мектепти аяктап жатканда кыргыз тили жана адабияты сабагынан республикалык олимпиаданын жеңүүчүсү болдум. Муну менен мага бир канча жогорку окуу жайдын эшиги ачылып, бир нече университеттин журналистика бөлүмдөрүнө автоматтык түрдө кабыл алындым. ЖРТ тапшырууда дагы Түп району боюнча алдыңкы орунга чыгып, ЖОЖдордун 90%на бюджеттик негизде өтө ала тургандай упай алгам. Жыйынтыгында Кыргыз-Түрк “Манас” университетин тандап, жогорку упай менен журналистика бөлүмүнө тапшырдым. Кийин аны артыкчылык менен аяктадым.
Университетте окуп жүргөн убакта Америка департаментинин SUSI (Study of the U.S. Institutes) on Women’s Leadership программасы менен АКШнын Вашингтон штатындагы Сиэтл шаарына эки айлык окууга барып келдим. Ага Борбор Азиянын ичинен жеңишке жеткен 20 кыздын ичинен биздин өлкөдөн 5 кыз тандалып алынганбыз. Бул менин чет өлкөгө чыккан алгачкы сапарым болгон.
Ал эми 2019-жылы Венгриянын эң алдыңкы окуу жайы болгон Corvinus Univeristy of Budapestке коммуникация жана медиа тармагы боюнча магистратурага тапшырдым. Максатым – Кыргызстандын илимий чөйрөсүндө изилдене элек когнитивдик лингвистика темасын өздөштүрүп, изилдөө жасоо болчу. Натыйжада, дал ушул теманы терең өздөштүрүп, 2021-жылы биздин экс-президенттердин речтерине метафоралык анализ жасадым. Бул англис тилинде жазылган жана кыргыз саясий дискурсуна изилдөө жасалган дүйнөдөгү эң алгачкы илимий изилдөө иши. Бирок, бул илимий тема мага абдан кызыктуу болгонуна карабай, биздин коомчулук мындай илимий изилдөөлөргө даяр эместигин түшүндүм. Канчалаган изилдөө жасалбасын, эгер алар чаң басып окуусуз жатса же практикада колдонууга даярдык жок болсо, демек, ишти адамдардын билим алуусун жакшыртуудан баштоо зарыл деген жыйынтыкка келдим. Ошентип, мен илимий иштеримди убактылуу болсо да жыйыштырып, баш отум менен билим берүү тармагына кириштим.
- Гарвард университетин тандооңузга эмне себеп болду? Эми кайсы багытта, канча убакыт билим аласыз?
- Айылда жөнөкөй мектепте окугандыктан билим берүүбүздөгү көйгөйлөрдү түпкүрүнөн билип чоңойдум. Ошол эле мектеп олимпиадаларына катышкан убактарда акчам жана таанышым жок болгондуктан, татыктуу турган 1-орунду алдырып ийип, аппеляцияларга кирип, өз күчүм жана билимим менен кайра алган учурлар көп болгон. Ошол учурларда эле системалык көйгөйлөрдү кантип чечсек болот деп көп ойлончумун.
Акыркы он жылдан бери билим берүү тармагында иштеп келе жатам жана бул багытты улантуу максатында Гарвард университетинин Билим берүү боюнча магистратура мектебиндеги (HGSE) “Билим берүү лидерлиги, уюмдар жана ишкердик” (Education Leadership, Organizations and Entrepreneurship) программасына тапшырдым. Бул программа билим берүү системаларын реформалоо, инновацияларды киргизүү жана башкарууга байланышкан бир жылдык магистратура программасы.
- Дүйнөдөгү абройлуу ЖОЖдордун сап башында турган окуу жайга өтүүнүн талаптары кандай экен?
- Гарвард университети студенттин мектептеги академиялык жетишкендиктеринен тышкары, социалдык жетишкендиктерин, иш тажрыйбасын, коомго кошкон салымын, тил билүү жөндөмүн, максаттарын баардыгын комплекстүү түрдө карайт экен. Жыл сайын бул окуу жайга дүйнөнүн ар бурчунан көп сандаган, эң мыкты студенттер тапшырып, анын ичинен 3% гана өтөт. Андыктан, Гарвард – бул адамдын көп жылдык даярдыгынын жемиши десем болот.
- Гарвардга кыргыз жарандарынын өтүшү биз үчүн чоң сыймык. Мындай кыялды алып жүргөн жаштарга кандай кеңештерди берет элеңиз?
- Канчалаган мамлекеттерге бардым, бирок биздин жаштардай аракетчил, баарына өз күчү менен жеткен, бардык нерсеге үлгүргөн, эң аз дегенде 2-3 тилде эркин сүйлөгөн, тың жаштарды көп кездештирген жокмун. Биздин жаштар 6 ай же бир жылда тил үйрөнүп, 5–6 тилде эркин сүйлөп кетүүгө жөндөмдүү. Мен аларга суктанам жана өзүм дагы алардын арасында болгонума сыймыктанам. Мындан улам Гарвардды багындырууда кыргыз жаштарына чек жок дегим келет. Ар бир үй-бүлөдөн бир баланы же кызды Москвага миграцияга кетирген эмес, Гарвард сыяктуу топ окуу жайларга окууга жиберген мамлекетке айлансак деген кыялым бар. Себеби, өлкөнүн байлыгы – бул адам ресурсу. Качан биз аларга кам көрүп, алардын билим деңгээлин жогорулатып, аларга инвестиция кылганда гана өлкөнүн баардык тармагы бирдей өнүгүү жолуна түшөт.
Жаштарга менин мисалым жетиштүү болсо керек деп ойлойм. Карапайым үй-бүлөнүн кызы, эч бир тааныш же акча салбай, өз күчү, өз билими жана талыкпаган эмгегинин аркасы менен айылдан Гарвардга чейинки жолду басып өттүм. Ошондуктан, айтарым эч качан өзүбүздү чектебейли жана максаттарыбызды бийик коёлу. Себеби, Гарварддан кийин дагы баса турган жолдор бар. Бул башталышы гана...