Бишкек, 23.07.26 /Кабар/. Дүйнө жүзүндө жаштар арасында айрым рак ооруларынын саны көбөйүп жатканы байкалууда. Вашингтон университетинин Медицина мектебинин окумуштууларынын айтымында, бул көрүнүшкө организмдин биологиялык жактан эрте картаюусу себеп болушу мүмкүн. Бул тууралуу Казинформ кабарлайт.
Изилдөөгө ылайык, акыркы жылдары 20–39 жаштагы адамдар арасында өзгөчө жоон ичеги рагы илдети көбөйгөн. Ошондой эле жаштар арасында жилик чучугунун жана жатындын моюнчасынын рагы да көбүрөк аныктала баштады.
Окумуштуулар адамдын календарлык жашы менен биологиялык жашы айырмаланышы мүмкүн экенин белгилешет. Биологиялык жаш организмдин канчалык деңгээлде карыганын көрсөтөт. Изилдөөнүн жыйынтыгында азыркы жаштардын органдары жана ткандары мурдагы муундарга салыштырмалуу ылдамырак карышы мүмкүн экени айтылат.
Бирок адистер азырынча бул көрүнүш менен рак оорусунун ортосунда түз себептик байланыш далилденбегенин, болгону өз ара байланыш аныкталганын белгилешет.
Изилдөөнүн авторлорунун бири Рон Яхимовичтин айтымында, биологиялык жашка таасир этүүчү факторлордун жарымы генетикага байланыштуу болсо, калган бөлүгүнө адам өзү таасир эте алат. Дене тарбия менен үзгүлтүксүз машыгуу, жетиштүү уйку жана туура тамактануу организмдин картаюусун жайлатууга жардам берет. Ал эми жаш куракта салмак кошуу, кыймылдын аздыгы жана уйкунун жетишсиздиги картаюуну тездетиши мүмкүн.