Жашоо үчүн күрөш: Кыргызстандык ыктыярчы Африканын Найроби өлкөсүндөгү жашоону сүрөттөп берди

Маек Загрузка... 01 Август 2025 16:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Каармандын өздүк архивинен

Кыргызстандык ыктыярчы Кайрат Орозалиев Африкадагы жергиликтүү тургандардын жашоосун өз көзү менен көрүп, күн сайын жашоо үчүн күрөшкөн адамдарга жардам берүү үчүн сапар тарткан. Ал “Кабар” агенттигине эмне үчүн ошол материкке барууну чечкенин, кандай кыйынчылыктарга кабылганын, бул сапар анын жашоого болгон көз карашын кантип өзгөрткөнүн айтып берди.

WhatsApp_Image_3kFya5j.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

– Кайрат, сиз азыр Африкадасызбы? Эмне үчүн ошол өлкөгө барууну чечтиңиз?

– Мен Кайрат Орозалиев, 26 жаштамын. Жети жыл Кызыл Жарым Ай коомунда иштедим, жакында эле жумуштан кеткем. Эмне үчүн Африкага барууну чечтим? Анткени бул өлкөдө балдар ачкачылыктан жапа чегип жатканын, эл кедейчиликте жашаганын социалдык тармактарда көпчүлүгүбүз көрүп жүрөбүз. Мен ошол көрүнүштөрдөн соң бул жакка келип, аз да болсо өз салымымды кошуп, балдарга жардам берүүнү кааладым.

– Азыр кайсы долбоорго катышып жатасыз?

– Учурда мен “Жашоо позициясы” кайрымдуулук фондунун өкүлүмүн. Биз азыр Найробинин эң кедей жери Киберадабыз.

WhatsApp_Image_nAKsDQw.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

– Ал жактан кандай кыйынчылыктарга кабылдыңыз?

– Кыйынчылыктар көп эле болду. Биринчи күндөрү чындыгында аябай таң калдым, башка жашоо, башка эл. Мында жашоочулар эптеп күн кечирүүгө аракет кылат. Жумушсуздук курч, киреше абдан аз. Мисалы, аялдар ири көлөмдөгү кийим-кечелерди колго жууп, күнүгө болгону 150-200 сом табат.

Бардык жер кир, таштандыга толгон, алардын арасында африкалыктар жашап, тамактанат. Мага моралдык жактан ушундай шартты көрүүгө жана ага көнүүгө абдан оор болду.

– Дүйнө таанымыңыз же жашоого болгон көз карашыңыз өзгөрдүбү? Өзгөчө эсте калып, жүрөгүңүздү ооруткан учурлар болдубу?

– Ооба, албетте. Мен бүт жашоомду, баалуулуктарымды кайра карап чыктым. Бул жакты көргөндөн кийин дүйнөгө таптакыр башкача көз караш менен башка өңүттөн карай баштадым. Кыргызстанда төрөлгөнүмө абдан ыраазымын. Биздин өлкө өзүнчө идеалдуу! Бизде таза суу, кооз жаратылыш, даамдуу тамактар жана коопсуздук бар.

Эсте кала турган учурлар көп. Балдарга ботко бышырып берип, бир нерсе үйрөткөндө алар муну чоң ыраазычылык менен кабыл алышат. Кучакташат. Мындай учурлар жүрөгүңдү элжиретет.

WhatsApp_Image_2025-07-31_at_18.24.15.width-800.jpg

– Чет мамлекетке ыктыярчы болуп баргысы келгендерге кандай кеңеш берет элеңиз?

– Африкага баргысы келгендерге биринчиден кайраттуу жана позитивдүү болгула деп кеңеш берет элем анткени, алгач бул сапаттар абдан зарыл болот. Бул жакта адамдар жашоо үчүн күрөшүп, кээде уурулукка чейин барышкандыктан кылмыш окуялары болуп турат. Ошондуктан дайыма этият жана сак болуу керек. Албетте, Африкага боорукерлик менен келиңиз, жылмайуу, жакшылык кылуу жана позитивдүү маанай тартуулоо бул жерде абдан маанилүү.

– Кыргызстанга кайткандан кийин дагы ыктыярчылык ишти улантууну пландайсызбы?

– Албетте. Өз жеримде мындан ары да жардам берүүнү улантам. Тилекке каршы жакырчылык бардык жерде бар, болгону анын деңгээли жана өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. Мен өзүмдүн өмүр бою жакшылык кылып жашай турганыма ишенем.

Кошумчалай кетсем, Африка жалаң эле жирафтар, саванналар же “Падыша арстан” тасмасы эмес. Бул - суктандырган күндүн батышы же жапайы жаратылыш гана эмес. Мен үчүн Африка - биринчи кезекте адамдар. Бул бакыраң көз балдар, үй-бүлөсүнүн жашоосу үчүн тынымсыз күрөшкөн энелер, таза сууга, тамак-ашка жана медициналык жардамга жетпеген үй-бүлөлөр.

Биз мунун барын өз көзүбүз менен көрүп, сезип, жардам беребиз. Биздин салымыбыз океандагы бир тамчыдай эле болушу мүмкүн, бирок ошол тамчы толкунду жаратат. Мен үчүн Африка - бул күч, үмүт, жашоо. Биз алардын жанындабыз.