Жаш муунду сөз менен эмес, жүрүм-турум менен тарбиялоо зарыл — Шайырбек Абдырахман

Интервью Загрузка... 03 Июль 2025 10:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бүгүнкү күндө баланы улуттук баалуулуктар менен айкалыштырып тарбиялоо — эң маанилүү жана бир эле учурда татаал маселелердин бири болуп эсептелет. Санариптешүү жана маалыматтын көптүгү ата-эне, мугалим жана коом алдында чоң жоопкерчилик жаратууда. Тарбиянын өзөгүн түзгөн улуттук салт-санаа руханий адеп-ахлак бүгүнкү муундун дүйнө таанымында экинчи орунда калып бараткандай.

Башкы көйгөйлөрдүн бири - заманбап технологиялардын баланын аң-сезимине терс таасири. Интернеттеги туура эмес контент, керексиз маалыматтар жана социалдык тармактардагы жалган маалыматтар баланын дүйнө таанымын башка багытка буруп, ата-эне жана мугалимдердин таасири азыраак болууда.

Экинчи көйгөй - баланын ата-энесинин тарбиясынын алсырашы, учурда тарбиянын негизги жүгү мектепке же технологияга жүктөлүп калды. Ата-эне баланын инсан болуп калыптанышында негизги ролду ойнош керек болсо, айрым учурда бул жоопкерчилик толук аткарылбай жатканы байкалат.

Дагы бир көйгөй тарбиялоодо улуттук маданият, тарых жана тилибизге жетиштүү көңүл бурулбай жатканы. Баланы жалаң гана материалдык ийгиликке багыттап, руханий дүйнөсүн экинчи орунга коюу жалпы коом үчүн коркунучтуу көрүнүшкө айланууда.

Баланы улуттук балуулуктар менен айкалыштырып кантип туура тарбиялоого болот деген суроонун алкагында “Кабар” маалымат агенттиги бүгүн Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын лауреаты, журналист Шайырбек Абдырахман уулу менен маектешти.

- Баланы заман талабына ылайык, улуттук баалуулуктарды жана адеп-ахлахты айкалыштырып кантип туура тарбиялоого болот?

- Эң биринчи баланын тарбиясы ата-эненин жоопкерчилигинде. Ата-эне кандай болсо бала ошондой болот. Балдар чоңдордун, тагыраагы эне-атанын жасап жаткан ишин, адамдарга болгон мамилесин, адамдагы жакшы сапаттар кандай болушу керек деген суроого ата-энесинин үлгүсүн көрүп жооп алат. Ошондуктан тарбия сөз менен эмес, жүрүм-турум менен берилет. Тарбияда улуттук баалуулуктар жокпу демек ата-энеде, үйдө, чөйрөдө жок. Андыктан баланы тарбиялоодон мурун өзүңдү тарбиялашың керек. Бала ата-энени көрүп эле өсөт.

Экинчиден, мамлекеттин өзүнүн улуттук идеологиясы, өз баалуулугу болуусу зарыл. Идеология - жалаң эле элге акыл айтуу эмес. Идеология - келечекке багытталган максат. Ал максаттын алкагында өлкө жарандарынын ар бири өз кыялын реалдуу көрө алышы керек жана аны ишке ашыра алуусу керек.

Башкача айтканда, идеология келечекти кандай курууну бүгүн баштаган акыл. Бала тарбиялоодо мына ушуларды сөзсүз эске алышыбыз керек. Анткени, биз аларга бир кезде бизге аманат кылып калтырышкан өлкөнү калтырабыз.

- Улуттук идеология жана маданий мурастар баланын инсан болуп калыптанышына кандай таасир берет?

- Кичинесинен улуттук идеология менен суугарылып чоңойбогон баланын бош калган көкүрөгүн сөзсүз башка баалуулуктар ээлейт. Ал учурда баланын сөөгүндөгү, канындагы, тегинен келе жаткан наркы кемсинип калат. Көкүрөгүнөн кемсинип калган адамда депрессия, өзүн-өзү баалабастык жана ар кандай комплекстер болот. Башка идеология, нарк насилдин алдында кемсинип, өзүнүн тегин чанып көнүп калган балада көз карандылык сезим пайда болот да эч качан тең ата сүйлөй, тең ата мамиле кура албай жан дүйнөсү жабыркап, ички көйгөйү көбөйөт. Мындай улут бара бара жок болот. Ар бир бала улут мүчөсү экенин унутпашыбыз керек.

Улуттук баалуулуктар аркылуу балага дүйнөгө болгон туура көз карашты, улууларды урматтоону, кичүүлөргө камкор болууну, эмгекти сүйүүнү, намыс, уят деген түшүнүктөрдү калыптандыра алабыз.

Улуттук идеология менен тарбияланган бала өз элинин тарыхын сыйлап, маданиятын өнүктүрүүгө умтулат. Андай балдар коомдун келечеги, улуттун тиреги болуп өсөт.

- Замандын өзгөрүшү менен ата-эне баласы менен кандай тил табышып, түшүнүшү керек?

- Бүгүнкү күндө баланы угуп коюу жетишсиз, аны түшүнүү зарыл. Замандын ылдамдыгы, маалымат агымы балдардын да дүйнөсүн өзгөрттү. Ата-энелер берген мурунку ыкмалар азыр жарабай баратат. Мурдагы тескеп коюу, чымчып коюу, какыс-кукус кылып коюу азыр жарашпайт. Баланы жалтаң кылбай мээрим менен, аны угуу, ага үстүртөн карабай, жалаң эле башкаруу, буйрук менен тарбиялабай, тең деңгээлде сүйлөшүү аркылуу гана жакын боло алат. Эпостордо деле бүт эл башкарган мыктылардын балдары баарлашуу, мээрим төгүү, социумду туура түшүндүрүү, "жок, болбойт" деген нерселерди жай түшүндүрүп, кадыр менен жеткирүү аркылуу тарбияланышкан. Анан дагы бир айтып кетчү нерсе, көбүнчө балдарыбызды өзүбүздүн мунарадан карап тарбиялай беребиз.

Биз баланы өзүбүзгө окшош кылууга эмес, ага өзүн табууга жардам бергениңбиз оң дейт элем.