Жаш көрүүчүлөр театрында “Сүйөм! Бирок...” поэтикалык монодрамасы коюлат

Маданият Загрузка... 10 Апрель 2026 11:01
WhatsApp Image 2026-04-10 at 11.14.33.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 10.04.26 /Кабар/. 10-11-апрелде Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театрында "Сүйөм! Бирок..." поэтикалык монодрамасынын премьерасы өтөт. Бул тууралуу Жазуучулар союзунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул эксперименталдык спектаклдин негизги максаты — поэзияны драматургия аркылуу көрүүчүгө жеткирүү.

Чыгарма Кыял Таажынын калемине таандык. Спектаклдин режиссёру Эркин Эгембердиев, композитору Нурбек Болотбеков. Башкы ролду Айнура Акылбекова аткарат.

Спектаклдин башталышы саат 19:00дө.

"Бул спектаклде сүйүү туурасындагы башка авторлорго таандык ырлар да колдонулат. Поэзияны коомдун бардык катмары окуй бербейт. Бирок театр аркылуу ар бир адам поэзияны сүйүп калышы мүмкүн деген аракеттебиз", - деп айтылат маалыматта.