Жаш көрүүчүлөр театры 36 жылдан кийин толук жаңыланды – видео

Маданият Загрузка... 17 Декабрь 2025 16:20
copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 17.12.25. /Кабар/. 36 жылдан кийин Б.Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры жаңыланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, театр 1989-жылы негизделип, 36 жыл бою өзүнүн жеке имаратысыз иштеп келген. 2024-жылы театрдын ижарага алынып келген имараты толугу менен театрдын карамагына өтүп, быйыл капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Жаңыланган имарат заманбап жарык, үн, механикалык жабдуулар, видеобайкоо системалары жана көрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу креслолор менен жабдылган. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк стандарттарга жооп берип, көрүүчүлөр жана чыгармачыл жамаат үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Театр 36 жылдык тарыхында алгач ирет толук кандуу өз имаратына ээ болуп, жаш көрүүчүлөрдүн руханий тарбиясына кызмат кылууга жаңы дем менен киришти.