Жаш адистерди мамлекеттик башкаруу системасына тартууга өзгөчө көңүл бурулууда

Министрлер кабинети 06 Июнь 2026 16:45
6a23dfcc9a7af-thumb.jpg
6a23dfa8d92bf-thumb.jpg
6a23dfa8ebe78-thumb.jpg
6a23dfa90b635-thumb.jpg
6a23dfa89c378-thumb.jpg
6a23dfcc91085-thumb.jpg
6a23dfccedc1d-thumb.jpg
6a23dfcd28e1f-thumb.jpg
6a23dfcd54f93-thumb.jpg
6a23dfcd90244-thumb.jpg
Алдыга
Артка
6a23dfcc9a7af-thumb.jpg
6a23dfa8d92bf-thumb.jpg
6a23dfa8ebe78-thumb.jpg
6a23dfa90b635-thumb.jpg
6a23dfa89c378-thumb.jpg
6a23dfcc91085-thumb.jpg
6a23dfccedc1d-thumb.jpg
6a23dfcd28e1f-thumb.jpg
6a23dfcd54f93-thumb.jpg
6a23dfcd90244-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 06.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов “Жаш кадрлар мектеби” долбоорунун катышуучулары менен жолукту.

Улан Маматканов катышуучуларды куттуктап жатып, учурда Кыргызстан масштабдуу трансформациянын жана динамикалык өнүгүүнүн мезгилин башынан кечирип жатканын белгиледи.

"Акыркы жылдары Кыргызстан тездик менен өзгөрүп, өнүгүп, жаңы доорго кадам таштоодо. Өлкө боюнча ири долбоорлор ишке ашырылып, өнүгүүнүн жана жаратмандыктын жаңы темпи сезилип жатат. Биз жаңы Кыргызстанды куруу доорунда жашап жатабыз", - деп белгиледи ал.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жаш адистерди даярдоо боюнча долбоордун маанисине токтолуп, президент мамлекеттик башкаруу системасына келечек муундун жаш жана кесипкөй адистерин тартууга өзгөчө көңүл буруп жатканын айтты.

"Мамлекеттик башкаруу бул бирдиктүү механизм. Жогорку Кеңеш менен министрлер кабинети ар башка институттар, бирок алардын максаты бир: мамлекеттин өнүгүүсү жана элдин бакубаттуулугу үчүн. Бардык мамлекеттик институттардын биргелешкен жана координацияланган иши гана өлкөнүн өнүгүүсүн камсыздайт", - деп белгиледи ал.

Жолугушууда жаштардын потенциалын, санариптик технологияларды өнүктүрүү, өлкөнүн келечектеги таланттуу резервин даярдоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле Улан Маматканов Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасынын максаттарына жетүүдө жаштардын ролу чоң экенин белгиледи.

Мындан тышкары, “Бир депутат – бир окуучу” долбоорунун уникалдуу насаатчылык моделин айтып, катышуучуларга окууларына жана кесипкөйлүгүн жогорулатууга ийгиликтерди каалады.