XXI кылымдын башында коомдун өнүгүүсү негизинен маалыматтык технологиялар менен байланышкан болсо, бүгүнкү күндө эксперттер маалыматтык доор жасалма интеллект технологиялары үстөмдүк кылган жаңы этапка өтүп жатканын белгилешүүдө. Физика-математика илимдеринин кандидаты, "Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо" долбоорунун өкүлү Жылдыз Артыкова жасалма интеллект шартында окуучунун өз алдынча ой жүгүртүүсүн кантип сактоо керек же жаңы муундагы окуу китептеринин миссиясы тууралуу "Кабар" агенттигине өз пикири менен бөлүштү.

Жылдыз Артыкованын айтымында, жасалма интеллект ар кандай суроолорго жооп табууга гана жардам бербестен, эң татаал математикалык эсептөөлөрдү жүргүзүп, ири көлөмдөгү маалыматтарды талдап, аналитикалык отчетторду түзүп, илимий маселелер боюнча жыйынтык чыгарып жана программалык коддорду жаза алат.
Ошондой эле ар түрдүү тилдерге сапаттуу котормо жасап, музыкалык композицияларды жаратып, сүрөттөрдү, видеолорду жана аудио материалдарды иштеп чыгып, мурда адамдын акыл эмгегинин чыгармачылык ишмердүүлүгүнө гана таандык деп эсептелген көптөгөн интеллектуалдык милдеттерди аткарууга жөндөмдүү болуп калды. Мунун баарын өтө кыска убакыт ичинде аткарат. Мындай шартта мугалим кандай гана тапшырма бербесин, окуучу жасалма интеллекттин жардамы менен дээрлик эч кандай интеллектуалдык күч жумшабастан жоопторду даярдап алышы мүмкүн.
"Жасалма интеллект кеңири жайылып жаткан шартта өсүп келе жаткан баланын интеллектуалдык өз алдынчалыгын, чыгармачылык ой жүгүртүүсүн, сынчыл талдоо жөндөмүн жана уникалдуу инсандык сапаттарын өнүктүрүү билим берүү системасынан өзгөчө мамилени, жаңы усулдарды жана натыйжалуу педагогикалык куралдарды талап кылууда. Советтик педагог-методологдор Валерий Викторович Краевский жана Исаак Яковлевич Лернер белгилегендей, мектептик билим берүү илимдин жөнөкөйлөтүлгөн көчүрмөсү эмес, окуучунун инсандык өнүгүүсүнө багытталган педагогикалык система болушу керек. Агартуу министрлиги тарабынан мектептерге киргизилип жаткан жаңы муундагы математика жана табигый илимдер боюнча окуу китептери окуучуну даяр маалыматты алууга эмес, көйгөйдү изилдөөгө, салыштырууга, талдоого жана жыйынтык чыгарууга багыттайт", - деди ал.
Китептердин мазмунунда турмуштук кырдаалдардагы реалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө арналган практикалык тапшырмаларга, тажрыйбалардын негизинде изилдөө жүргүзүүгө жана өз алдынча ачылыш жасоо аркылуу жаңы билимди өздөштүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Мындай мамиле окуучунун өз алдынча ой жүгүртүүсүн, изилдөөчүлүк көндүмдөрүн жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, ошондой эле интеллектуалдык эмгек аркылуу жаңы билим өндүрүүгө шарт түзөт.
"Ошондуктан жаңы муундагы окуу китептерин билим берүү системасына киргизүү билим берүү тармагы үчүн өз убагында кабыл алынган стратегиялык чечим деп эсептейм. Бул окуу китептери жасалма интеллекттин билим берүү процессине тийгизиши мүмкүн болгон терс таасирлерин азайтууда жана окуучулардын өз алдынча ой жүгүртүүсүн, изилдөөчүлүк жөндөмдөрүн өнүктүрүүдө мугалим үчүн ишенимдүү усулдук жардамчы болуп кызмат кыла алат", - деп айтты Жылдыз Артыкова.