Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Google компаниясы жасалма интеллект (ЖИ) мененжабдылган жаңы Googlebook линиясындагы биринчи ноутбуктарга алдын ала буйрутмаларды кабыл ала баштады. Бул тууралуу Интерфакс Bloomberg агенттинине шилтеме берип жазды.
Маалыматка ылайык, Acer, Asustek Computer, Dell Technologies, HP жана Lenovo тарабынан чыгарыла турган премиум класстагы ноутбуктардын баасы 899 доллардан башталат.
Салмагы 1-1,3 кг болгон компакттуу Googlebook'тар 13төн 15 дюймга чейинки сенсордук экрандуу мониторго жана 16дан 32 ГБга чейинки оперативдүү эс тутумга ээ. Алар Android, Gemini AI жана ChromeOS айкалышкан Googlebook OS'те иштейт жана Intel Core Ultra Series 3 же Qualcomm Snapdragon X процессорлору менен иштейт.
Компания жаңы ноутбуктар Android түзмөктөрүнүн колдонуучулары арасында популярдуу болот деп күтөт.
Googlebook'ка алдын ала буюртмалар 21-сентябрда башталмак. АКШда сатуу 4-октябрда, ал эми Канадада, Улуу Британияда, Ирландияда, Францияда, Германияда жана Австралияда 5-октябрда башталат.
Bloomberg белгилегендей, Googlebook`тун чыгарылышы компаниянын премиум ноутбук рыногуна кирүү боюнча биринчи аракети эмес. 2017-жылы компания 999 доллардан баштап Google бренди астында сатылган Pixelbook`ту чыгарган, бирок ал линияны 2022-жылы токтоткон.