Жасалма интеллект (ЖИ) бүгүнкү күндө коомдун көп тармактарына кирип, чыгармачылыкта да активдүү колдонулууга өттү. Ал музыка, кино, видео, сүрөт, дизайн жана текст жаратуу жаатындагылардын кошумча бир куралына айланууда. Кыргызстанда да ЖИ активдүү колдонула баштаганына күн сайын интернет айдыңынан, уккан ырларыбыздан, сүрөттөрдөн, маркетинг продукцияларынан күбө болуп жатабыз.
Бирок, бул технология чыгармачылык процессти ылдамдатып, идеяларды жана эксперименттерди жеңилдетип бергени менен уникалдуулукту, адамдык эмоцияны толук чагылдыра албай тургандыгын адистер белгилешүүдө. Бул жагдай биздин өлкөдө кандай экендигине баам салып көрөбүз.

Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясынын директору Максат Жумаев жасалма интеллект тасма тартуу тармагында эки түрдүү жол менен пайдаланылып жаткандыгын белгилейт.
“Акыркы убактарда бизге келип түшкөн сценарийлердин көбү ЖИ менен жазылган же аны колдонуп орусчадан кыргызчага которулган. Мен муну туура эмес деп эсептейм. Аны анимациялык фильмдерди тартууда колдонгонубуз туура. Себеби, ЖИ анын ишин жеңилдетет,-деди ал.
Директор кошумчалагандай, кино тартууда жасалма интеллект азырынча пайдаланыла элек.

ЖИ активдүү колдонулуп жаткан тармактардын бири – ырчылык жана музыка өнөрү. Кыргызстандык музыканттар Suno AI, Amper Music, AIVA, BandLab AI жана башка дагы платформаларды колдонуп, ырларды шөкөттөп, аранжировкаларды даярдашууда. Бул кызматтан кавер жана ыр жаздыруучулар, ошондой эле эстрада ырчылары да пайдаланууда.

“Ilham.kg” ютуб каналынын негиздөөчүсү, үн режиссеру Осмон Туланов бул ишти 2022-жылы кыргыз акындарынын ырларын музыкалаштыруудан баштаганын айтат.
“Алгачкылардан болуп RefiGN платформасын колдонуп, анын жардамы менен инструменталдык музыкаларды жасап баштагам. Андан кийин башка дагы платформалар чыкты. Аларды колдонуп, кыргыз ретро ырларын шөкөттөп, каналга жүктөөгө өттүм. Кыргыз элине белгилүү бир катар өнөр адамдарынын ырларын жаңылап бердим. Алар бири-биринен угуп кайрылышып, буйрутмалар түшүп турат. Кадимки аранжировкалоодон айырмасы - ЖИнин ылдамдыгы. Беш мүнөттүн ичинде продукциянын 1-2 вариантын чыгарып бере алат. Бул жерде дүйнө жүзүндөгү музыка адистеринин базасы топтолгон. Биз ошолордон алып пайдаланабыз. Бирок адамдар акыры мындан да тажап, жандуу үндү уккусу келиши мүмкүн.
Музыка жаратуучуларга ЖИнин музыка жасоочу платформаларын өздөштүрүүнү сунуштайт элем. Себеби, ал алдыда дагы да өнүгө турган, өтө керектүү кошумча курал”,-деди ал.

Андан сырткары, дизайнерлер менен иллюстраторлор да ЖИ генерациялаган сүрөттөрдү идея катары колдонушууда. Ал эми видео жаратуучулар монтаж, фон, музыка жана визуалдык эффекттерди автоматташтыруу үчүн ЖИге кайрылышат. Социалдык тармактардагы көркүнө чыгарылган фото сүрөттөр менен видеолорду айрым учурларда түпкү нускасынан айырмалоо кыйын. Андан сырткары, ал жарнама иштеринде да колдонулууда.

Ал эми IT адиси Бектен Ажымырза Кыргызстандын чыгармачылыл тармагында ЖИнин потенциалы али толук колдонула элек, башталгыч тепкичте деп эсептейт.
Белгилей кетсек, Голливуддагы Брюс Уиллис, Мэттью МакКонахи жана Майкл Кейн сыяктуу бир катар белгилүү актерлор өзүнүн образын жасалма интеллект компанияларына колдонууга уруксат берип сатууга жетишкен. Андан соң айрымдары ал башка максаттарда колдонулуп кеткендиги үчүн бул иштен жапа чегип калган учурлары да кездешкен.