Бишкек, 05.06.25. /Кабар/. Чүй облусундагы Чуңкурчак жайлоосунда жайгашкан эс алуучу жайлардын бирин өз ыктыяры менен көзөмөлдөп келген 70 жаштагы Орозбек Арыпбеков эс алуучуларды тазалыкты сактоого чакырды.
Карыя жубайы экөө жайлоодогу корукту өз алдынча карап, жаратылышты таза сактоого аракет кылып келет. Бирок эс алуучулардын көбөйүшү менен таштанды маселеси да күчөп, күн сайын жок дегенде бир мүшөк таштанды чогултарын айтты.
Чогултулган таштандыны каалага алып келип, полигонго өз чөнтөгүнөн акча төлөп өткөрөт.
“Айланайын, кыргыз элим тазалыкты сактоо керек. Ичкен-жеген тамак-ашыбызды өзгөчө желим бөтөлкөлөрдү ээрикпей мүшөккө чогултуп кетсеңиздер. Таштанды таштабагыла. Алтындай болгон мекенибизди коргойлу”,-деди ал.
Ал ошондой эле айрым учурда чет өлкөлүк туристтер өзүбүздүн жарандар таштап кеткен таштандыларды терип жүргөнүн көрүп, өз эли үчүн уялып кетерин айтат.
Анын айтымында, мекенге болгон сүйүү тазалыктан башталат.