Бишкекте илимдерди өнүктүрүүнүн жаңы концепциясы талкууланат

Коом
Бишкекте илимдерди өнүктүрүүнүн жаңы концепциясы талкууланат
copyright icon WWW

Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Улуттук илимдер академиясында 30-октябрда “Философия жана социалдык-гуманитардык илимдерди өнүктүрүү концепциясын” талкуулаган илимий-практикалык конференция өтөт.

Илимдер академиясынын маалыматына ылайык, конференцияда окумуштуулар концепциянын долбоору боюнча пикирлерин жана сунуштарын билдиришет. Бул сунуштар документтин мазмунун байытууга жана практикалык багытын тактоого өбөлгө түзөт.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында институт тарабынан даярдалган окуу китептеринин бет ачары өтүп, онго жакын окумуштуу баяндама жасайт.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова, академиктер жана окумуштуулар катышат.